Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаевдин Бишкектеги №1 тергөө абагында кишилер сабалды делген билдирүүсү боюнча комментарий берди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, 20-декабрда тергөө абагында пландык тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында сабалды деп жазган Исраилов. Б. аттуу киши боюнча текшерүү жүрүп жатканын, ал сабалганы жөнүндө расмий арыз жазбаганын мекеме кабарлады.
Кадырбек Атамбаев Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков отурган камерага жакын жайгашкан кемарада кармалгандар катуу сабалганын Фейсбуктагы баракчасына жазган. Атамбаев муну Султанбековду "коркутуу үчүн жасалган" деп эсептейт. Ал тергөө абагында отурган Бекболсун Исраилов аттуу киши сабалганы жөнүндө прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго арыз менен кайрылганын жазып, анын арызы делген баракты тиркеген.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Темирлан Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирген.
Бир күндөн кийин Султанбеков Ташиевдин айткандарына кат түрүндө жооп кайтарып, Кыргызстанда биринчи жолу саясий партия шайлоонун алдында жарыштан четтетилип, лидери камакка алынганын, муну менен бийлик алсыздыгын көрсөткөнүн жазган. Тергөө абагында Султанбековдун ачкачылык кармап отурганына 37 күн болду. (TSh)
Дагы караңыз
Чүйдө кыз ала качууга шектелип эки киши кармалды