Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгына караштуу Аалымдар кеңеши "Орусиядагы мусулмандар коомундагы көп аялдуулук маселеси" деген фатва кабыл алды.
Анын толук тексти башкармалыктын сайтында жарыялана элек.
Анткен менен ТАСС жана Риа Новости агенттиктери документке таянып жазгандай, анда мусулман эркектерге бир нече нике кыйдырууга уруксат берилет.
Бул Орусиянын мыйзамдарына карама каршы келет. Үй-бүлө кодексине ылайык, жаранга бир учурда бир нече никеге турууга тыюу салынат.
"Эркектин бардык аялдарына калыс жана бирдей мамиле жасоосу көп аял алуунун негизги шарты катары саналат. Бул деген бардык аялдарын материалдык жактан бирдей камсыздоо, ар бир аялга өз алдынча жашаганга үй бөлүп берүү, ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, ар бир аял менен бирдей убакыт өткөрүү дегенди билдирет", - деп жазылат фатвада.
Эгер бул шарттардын баарын аткара албаса, эркекке көп аял менен никеге турууга уруксат берилбейт. Аалымдар бул шарттардын аткарылышын кантип көзөмөлдөөрү белгисиз.
Андан тышкары документте жазылгандай, эркекке эгер биринчи аялы бала төрөй албаса (саламаттыгына же каалоосуна байланыштуу), эгер "жалгыз бой аялга жана анын балдарына материалдык жана социалдык колдоо көрсөткүсү келсе" экинчи аял алууга уруксат берилет.
Ошону менен катар Аалымдар кеңеши белгилегендей, "диний никеде турган аялдын укуктары юридикалык жактан бекемделбейт".
Мусулмандар дин башкармалыгы "бул фатваны иштеп чыгууга бир эле дин ишмерлери эмес, юристтер да катышканын" кошумчалады.
Орусиянын расмий бийлигинин өкүлдөрү бул фатва боюнча комментарий бере элек. Анткен менен өкмөт жарандарын көп балалуу болууга үгүттөп келет. Себеп дегенде калктын саны кыскарууда. Бул көйгөйдү Москванын Украинага ачкан согушу да тереңдетип жатат. Эксперттердин эсебинде бул согушта миңдеген орусиялыктын өмүрү кыйылды.
Орусиянын өкмөтү абортко тыюу салуу аракети жана арбын акча төлөп берүү менен аялдарды көп бала төрөөгө үгүттөгөн саясатты жайылтып жатат.
Дагы караңыз
Британия жана АКШ Грузиянын ички иштер министрине санкция салды2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөтОрус армиясы Украинанын аймагына жапырт ракеталык сокку урду