Тажик президенти Эмомали Рахмондун небереси Эражон Гулов 9 жашында Дубайда кымбат батир сатып алган. Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) Дубайдагы кыймылсыз мүлк тууралуу ачыкка чыгып кеткен документтердин негизинде ушундай бүтүмгө келди.
Маалыматка караганда, Пальма Жумейра деген белгилүү архипелагдагы батирдин аянты 210 чарчы метрди түзөт. Азыр 18ге чыккан Эражон Гулов аны канчага алганы белгисиз. Бирок иликтөөчүлөр батирдин учурдагы баасы 1,3 миллион доллардан ашарын аныкташты. Документке ылайык, азыр анын ижара акысынан эле жылына 55 миң доллар түшөт.
2015-жылы батирди алып жатканда Гуловдун энеси – президенттин кызы Парвина Рахмонованын белгилүү киреше булагы жок болчу. Күйөөсү Ашрафжон Гулов Тажикстандын Москвадагы элчилигинде консулдук кызматты жетектечү. Борбор Азия боюнча эксперт Эдвард Лемондун айтымында, дипломаттардын маянасы Дубайда мындай баадагы кыймылсыз мүлк алууга жетпейт.
Ал эми Парвинанын атасы ал маалда 20 жылдан бери өлкө башында турган. Ашрафжондун атасы 2006-2013-жылдары Тажикстандын энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.
Бириккен Араб Эмирлигинин мыйзамдарына ылайык, 7-18 жаштагы балдар камкорчунун уруксаты менен кыймылсыз мүлккө ээ боло алат. Документтерде Эражон Гуловдун камкорчусу ким болгону белгисиз.
OCCRP жазгандай, мүлккө ээлик кылууну өткөрүү документтеринде тажик ТИМнин кызматкери Сухроб Мирзоалиевдин электрондук дареги көрсөтүлгөн.
Мирзоалиев, Эражон Гулов жана анын ата-энеси журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
Дагы караңыз
Зеленский өнөктөштөрүнө кайрылса, Путин фронт тууралуу айтты"Эми өзбектерди желмогуз кылып көрсөтөт". Генералдын өлүмүнөн кийин мигранттарга кысым күчөйбү?Жалаа, мазактоо үчүн айыпка жыгуу: Мыйзам текши иштейби?"Дайынсыз жоголгон кыз-келиндер көбөйдү". Түркиядагы борбор азиялык мигранттардын абалы