Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Дүйшөнкул Чотонов

Саясатчы Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 19-декабрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Дүйшөнкул Чотонов - “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Апрель окуясынан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеген.

Чотонов "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен чогуу 2017-жылы '"Мегаком иши" боюнча айыпталып, “орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган” деген көрсөтмөнүн негизинде коррупцияга камалган. Ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш кайра кароого жөнөтүлүп, 2021-жылы 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды актаган чечим чыгарган.

Алар өздөрүнө коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалашкан.

2022-жылы Москвада Маевский опузалоо фактысы боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган. (TAb)

Дагы караңыз

Путин Курскиде кармаштар жүрүп жатканын бышыктадыФранцияда аялын башка эркектерге зордуктаткан киши 20 жылга кесилдиМинистр Ибраев электр энергиясынын баасы май айында көтөрүлөрүн айттыАКШ жана Британия Медведевдин комментарийин "жоопкерсиздик" деп атады