Жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоор ЖКдан өттү
Жогорку Кеңеш 19-декабрдагы жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документке президент кол койсо, мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберип турат. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат. Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келишет.
CPJ: Төрт журналистке коюлган айып алынышы керек
Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы төрт кызматкерине чыккан өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын сынга алды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид кыргыз бийлигин аларга коюлган айыпты алып, эки журналистти эркиндикке чыгарууга чакырды. Бишкек шаардык соту 18-декабрда төрт журналистке Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
Май айында электр энергиясынын баасы дагы кымбаттайт
2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы 20-23 тыйынга чейин кымбаттайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты. Ал өлкөдө электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп турарын билдирди. Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Кыргызстан 2024-жылы 17,5 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Өлкөдө анын 14,8 млрд гана өндүрүлөт. Айырмасын импорттун эсебинен жабууга туура келет. Келишимдерге ылайык, быйыл 3,2 млрд кВт саат элекр жарыгы Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан алынууда.
“Хизбут-Тахрир” уюмунун 22 мүчөсү кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте Жалал-Абад облусунда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 22 активдүү мүчөсү кармалганын билдирди. Алар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, мыйзамга каршы диний уюмдар арасында баракчаларды тараткан деп шек саналууда. Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердигине катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.
Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсызданган резолюция кабыл алды
Cтрасбургда кабыл алынган документте Кыргызстан демократия жолунан тайганы айтылат. Европалык депутаттар өзгөчө “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун “күмөндүү жүйө менен” кармалганына токтолуп, кыргыз өкмөтүнүн эркин медианы, саясий оппозицияны куугунтуктоосуна, журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин камалышына камтамасын билдиришти. Документте "Клооп", "Темиров Live", "Айт Айт Десе" жана "Азаттык" өңдүү көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары куугунтукка кабылып жатканы белгиленип, кыргыз бийлигин “жалган маалымат таратуу” жана “чет элдик өкүлдөр” тууралуу мыйзамдарды жокко чыгарууга үндөдү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү резолюциянын кабыл алынышына байланыштуу билдирүү таратып, бул чечимди Европарламенттин Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Израил Йемендин баш калаасына сокку урду
Бейшемби күнү эртең менен Израил Йемендин козголоңчулар ээлеп алган баш калаасына сокку урду. Бул тууралуу израилдик расмий адамдарга шилтеме жасап, AP агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, анын алдында Йемендеги хуси козголоңчулары Израилдин борбордук бөлүгүнө ракета атышкан. Израилдин армиясы билдиргендей, 19-декабрдагы операцияга 14 согуштук учак катышты. Адегенде Ходейда, Салиф порттору жана Рас Иса мунай терминалы бутага алынды. Андан кийин хусилердин башкалаа Санадагы энергетикалык инфраструктурасы аткыланды. Келтирилген чыгым тууралуу айтылган жок. Козголоңчулардын ал-Масирах телеканалы борбор шаарда электр станциясы өрттөнгөнүн, Салиф портунда бери дегенде жети, Рас Исада эки киши каза тапканын, Ходейдада бир нечеси жараланганын кабарлады
OCCRP: Тажик президенти Эмомали Рахмондун небереси Эражон Гулов Президент Рахмондун неберес 9 жашында Дубайда кымбат батир алган
Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) Дубайдагы кыймылсыз мүлк тууралуу ачыкка чыгып кеткен документтердин негизинде ушундай бүтүмгө келди. Маалыматка караганда, Пальма Жумейра деген белгилүү архипелагдагы батирдин аянты 210 чарчы метрди түзөт. Азыр 18ге чыккан Эражон Гулов аны канчага алганы белгисиз. Бирок иликтөөчүлөр батирдин учурдагы баасы 1,3 миллион доллардан ашарын аныкташты. Документке ылайык, азыр анын ижара акысынан эле жылына 55 миң доллар түшөт. 2015-жылы батирди алып жатканда Гуловдун энеси – президенттин кызы Парвина Рахмонованын белгилүү киреше булагы жок болчу. Күйөөсү Ашрафжон Гулов Тажикстандын Москвадагы элчилигинде консулдук кызматты жетектечү.
Абхазия парламентинде ок атылып, депутат каза таап, бирөө жараат алганы кабарланды.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун “Кавказ жаңырыгы” сайты жазганына караганда, парламент ал маалда майнингге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жаткан. АМРА-life телеграм-каналы Адгур Харазия жана Кан Кварчия чырлаша кеткенин, Харазия мылтык алып чыгып атканын, ок аларды тынчытууга аракеттенген дагы бир депутат Вахтанг Голандзияга тийгенин маалымдады. Абхазиянын Саламаттык сактоо министрлиги Голандзия алган жараатынан көз жумганын билдирди. Кварчия колунан жарадар болду. Полиция Харазия из жашырып кеткенин кабарлады.
Москвада Өзбекстандын өтүнүчү менен каракалпак активисти Жеткербай Абдираманов кармалды
Түркмөнстандын Хельсинки фонду укук коргоочу Виталий Пономаревго шилтеме менен маалымдагандай, Абдираманов Бириккен Араб Эмирлигинен орус башкалаасына саясий башпаанек сурап келген. Өзбекстанда активист конституциялык түзүлүшкө жана коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратууга айыпталып, ага издөө жарыяланган. Пономарев сүйлөшкөн чек арачы активистти депортациялабай, экстрадиция ишин кароо үчүн сотко алып барышарын айткан. Мекенинде иш козголгондон кийин Абдираманов Казакстанга кетип, 2022-жылы аны Каракалпакстандын суверенитетин алууну караган өзбек Конституциясына түзөтүүлөргө каршы кол топтоп жаткан жеринен кармашкан. Былтыр январда активистти "миграциялык мыйзамдарды бузган" деп Кыргызстанга чыгарып жиберишкен. Ал жактан Түркияга кетип, Молдовага өтүү аракетинен майнап чыккан эмес.