Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Бишкек. Архив.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 0…2° болот.

Дагы караңыз

“Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумагазы Садыр уулу каза болдуМилицияны видеого тартып, жарыялагандарды жазалоо долбоору өткөн жокПарламент жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдодуРостов облусунда Storm Shadow ракетасынын сыныктары табылды