Орусиянын Ростов облусу 19-декабрга караган түнү ракета соккусуна кабылганын облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Юрий Слюсарь билдирди.
Анын маалыматына караганда, абадан коргонуу системасы Ростов-на-Дону, Батайск, Таганрог, Шахты, Каменск, Миллерово жана Новошахтинск шаарларында дрон жана ракета чабуулунун “мизин кайтарды”.
Ростов облусунда атып түшүрүлгөн ракеталардын сыныктарынын арасынан биринчи жолу Британияда жасалган Storm Shadow ракетасынын сыныктары байкалган.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү Орусияга атылган делген Storm Shadow ракетасынын сүрөтүн жарыялады. “Каардуу империяга каршы Scalp & Storm Shadow ракеталарынан өткөн эч нерсе жок!” деген билдирүүдөн башка маалымат берилген жок.
Ноябрдын ортосунда АКШ менен Британия Украинага ATACMS жана Storm Shadow ракеталык комплекси менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон. Америка чыгарган ATACMS жана Британияда жасалган Storm Shadow ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алат.
Буга чейин Украина бул ракеталар менен Орусиянын чек аралаш аймактарын бутага алганы кабарланган. (BTo)
Дагы караңыз
Парламент жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдодуУКМК “Хизбут-Тахрир” уюмунун 22 мүчөсү кармалганын билдирдиЖаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп Чыңгыз Кожошев дайындалдыЧехия Сенаты крым-татарлардын жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныдыДамасктын жанында адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды18-декабрь: Сирияда адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды, Абактагы ишкер Ташов ачкачылыгын токтотту