Түштүк Корея: президенттиктен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёлду камакка алуу маселеси каралууда

Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл.

Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл Жогорку даражалуу аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген комитетке суракка келген жок. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги жазды.

Юн Сок Ёл комитетке 17-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондордо бармак. Буга чейин тергөөчүлөр ага чакырууну колуна тапшырууга аракет кылышкан. Бирок президенттин коопсуздук кызматы буга жол берген эмес. Комитет башчысы Дон Ун президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирди.

Ал бул күнү прокуратурага да суракка чакыртылган. Юн Сок Ёл ал жакка да баруудан баш тартты. Ал аскердик абал жарыялоо менен кызматынан кыянаттык пайдаланган деп айыпталып жатат. Өзү дооматтардын баарын четке кагууда.

Күнөөсү далилденсе, ага жана айланасындагы адамдарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы чегерилиши мүмкүн. Учурда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

14-декабрда Түштүк Корея парламентиндеги 300 депутаттын 200дөн көбү ага импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду.

Эми бул маселени Конституциялык сот караш керек. Судьялар алты ай ичинде чечим кабыл алышы зарыл. Президенттин милдетин азыр өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда.

Дагы караңыз

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы жубайы менен кармалганын билдирдиГазада абада соккулардан 15тен ашык адамдын өмүрү кыйылдыКыргызстанда майрам күндөрдү кыскартуу боюнча жаңы кодекс кабыл алынды