Орусияда генералдын өлүмүнө өзбек жараны шек саналууда

Генерал Кириллов жана анын жардамчысы өлтүрүлгөн жерде тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү иштеп жатышат. 17-декабрь, 2024-жыл. Москва.

Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы генерал Игорь Кирилловду жана анын жардамчысын өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал 1985-жылкы Өзбекстандын жараны.

Коопсуздук кызматы ырастагандай, шектүү Украинанын атайын кызматтарына азгырылып бул ишке барган. Ага 100 миң доллар убада кылынганын Тергөө комитети кошумчалады.

Ушул эле мекеме тараткан маалыматка ылайык, шектүү генерал жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришинде токтоп турган чыгырыкка бомба койгон. Кийин ижарага машине алып, камера орнотуп, Кирилловдун артынан аңдыган.

Генерал көчөгө чыгып баратканда жардыруучу зат аралыктан иштетилгени маалымдалды.

Орусиянын өзөктүк куралдан коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал Игорь Кириллов жана анын жардамчысы 17-декабрдын таңында өлтүрүлгөн.

Украинанын атайын кызматындагы булак операцияны украин коопсуздук мекемеси уюштурганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес болгону менен буга чейин согуш ачууга катышкан орусиялык аткаминерлер менен армия өкүлдөрүнө кол салуунун артында Киев турганы бир нече жолу кабарланган.

Кириллов алардын арасында эң жогорку даражадагы аскер адамы болуп калды.

Анын алдыңкы күнү Украинанын Коопсуздук кызматы генералга сыртынан айып тагылганын билдирген. Маалыматка караганда, согуш башталгандан бери Кирилловдун тушунда Орусия беш миң жолу химиялык куралды, анын ичинде уулуу заттар менен дүрмөттөлгөн «К-1» гранаталарын колдонгону катталган. Аларды колдонууга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат.

Британия, Канада жана Жаңы Зеландия генералдын Украинадагы химиялык курал колдонууга жана жалган маалымат таратууга тиешеси үчүн ага санкция салган. Ага чейин АКШ жана өнөктөштөрү Орусия украиналык аскрелерге каршы хлорпикрин деген химиялык затты колдонгон деген жыйынтыкка келишкен.

54 жаштагы генерал азыркы кызматка 2017-жылдын май айында дайындалган.

Дагы караңыз

Кыйноолорго каршы борбор абактагы Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирдиАба ырайы: Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаайт Президент айрым депутаттар жеке кызыкчылыгын көздөйт деп сындады