Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бакыт Сыдыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кызматка дайындоо үчүн Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Маалыматты президенттин администрациясы 18-декабрда таратты.
Мурдагы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 16-декабрдагы жарлыгы менен Министрлер кабинетинин 1-орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул кызматтагы Адылбек Касымалиев ошол эле күнү президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына киришкен.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров президенттин 16-декабрдагы дагы бир жарлыгы менен кызматынан бошотулган. Экс өкмөт башчы кызматтан өз арызынын негизинде кеткени айтылууда.
Бакыт Сыдыков президенттик администрациянын саясий-экономикалык иликтөөлөр башкармалыгын жетектеп келген. Өнүктүрүү жана инвестиция агенттигинин Байкоочу кеңешинде президенттин өкүлү болуп жүргөн.(ZKo)
Дагы караңыз
Википедиянын кыргызча барагы жана айдыңдык “ашар” ыкмасыМосквада орус армиясынын генералын жардырып өлтүрүштү Миграция: “Акыл көчү”, мигранттын акчасы, үй-бүлөлүк баалуулук Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырууда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталадыReuters: Орусия Казакстандын уран кениндеги үлүшүн Кытайга сатууда