Бишкектеги №1 тергөө абагында ишкер Имамидин Ташов абакта өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилди
Ал Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна “Тез жардам” менен жеткирилгенин “Азаттыкка” ишкердин адвокаты Нурсултан Жаныбеков айтып, маалыматты иниси Сүйүн Ташов да ырастады. Ооруканада дарыгерлер көргөндөн кийин кайра тергөө абагына кайтарылган. Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган. 30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Ал Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеде дарыланып, кийин №1 тергөө абагына которулган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) өндүрүлгөнүн айтты
Атайын кызматтын төрагасы билдиргендей, 168 млрд 287 млн сомдун ичинен 37 млрд 776 млн сом (436 млн 725 миң доллар) акчалай, 130 млрд 510 млн сом (1 млрд 508 млн доллар) мүлк түрүндө кайтарылган. “Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп аткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен”, - деди ал. Ташиев Мамлекеттик салык кызматында мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирди. Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалып, тергөө абагында отурат.
Дин комиссиясы үй кыдырып, үгүт жүргүзүүгө тыюу бардык конфессияларга тиешелүү экенин билдирди
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев долбоордогу үй кыдырып, үгүт айтууга тыюу салуу сунушун алып салууну өтүндү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үймө-үй кыдырууну ар кандай секталар, экстремисттик топтор дагы пайдаланып жатканын, тыюу салуу сунушу бардык конфессияларга тиешелүү экенин айтты. Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.
Бишкекте 33 жаштагы келин күйөөсүнүн бычагынан каза тапты
33 жаштагы жаран жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, окуя түшкө жуук Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш авто бекетинин аймагында болгон. Жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, күйөөсү аялын бычак менен сайып жибергени аныкталган. 33 жаштагы келин “Тез жардам” келгенге чейин каза болгон. Шектүү окуя болгон жерден кармалган. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Президент Жапаров “Мейкин” сыйлыгын тапшырууда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, журналисттерди маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды
Жапаров медиа жана журналистика жаатында быйыл биринчи жолу уюштурулган “Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасында “Коррупция болсо иликтеңиздер, биздин кемчилик болсо жиликтеңиздер, ачыкка чыгара бергиле. Коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок", - деди. Президент журналисттерге кайрылып, "жок дегенде 90% далилдерди чогултуп алып чыгарсаңыздар мага да жардам болот эле”, - деди. “Салык – өнүгүүгө салым” “Акчабар” медиа порталына, “Таза Мекен” эркин журналист Улан Эшматовго, “Билим – келечек” “Кут билим” гезитине, “Мекен жана мен” “МИР” телерадио компаниясынын кабарчысына, “Мекендештер” ютуб-блогер Дооронбек Атадахановго, “Сергек жашоо” сыйлыгы “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин кызматкерине берилди. 10 номинациянын ар бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылды.
Башар Асад Орусияга качкандан кийин алгачкы билдирүү менен чыкты
Сирияда президенттик тактан кулатылган жана Орусиядан башкалка алган Башар Асаддын билдирүүсү 16-декабрда тарады. Ал Сириядан 8-декабрдын кечинде "Орусиянын базасы козголоңчу күчтөрдүн ыктымал чабуулуна кабылгандан кийин, Москвадагы расмий адамдардын сунушу менен чыгып кеткенин" билдирди. Анын качкандан кийинки алгачкы билдирүүсү Телеграмдагы баракчасында англис жана араб тилдеринде пайда болду. Анда Асад Орусиянын Хмеймимдеги авиабазасынан учуп кеткенин, өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу чечим "пландалбаганын жана соңку сааттарда чукул кабыл алынганын" айткан. Ошондой эле буга чейин "кызматтан кетүүнү же башка жактан башпаанек издөөнү ойлонбогонун" кошумчалаган. Сирияны 25 жыл башкарган Башар Асад "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал уюму (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) башында турган козголоңчу күчтөрдүн чагылгандай тездик менен ишке ашырган чабуулунан кийин качууга аргасыз болгон. "Рейтер" агенттиги жазгандай, Асаддын өлкөдөн чыгып кетиши анын жакындары жана жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү үчүн да күтүүсүз болду. Ал Москвадан башпаанек тапканы 9-декабрда белгилүү болгон.
Түштүк Корея: Президенттиктен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёл суракка чакыртылды
Жергиликтүү Yonhap агенттиги жазгандай, Юн Сок Ёл "аскердик абал жарыялоо менен кызматынан кыянаттык пайдаланган" деп айыпталууда. Ал өзү дооматтардын баарын четке кагууда. Агенттик ушуну менен ал экинчи жолу прокуратурага чакыртылганын кошумчалады. Биринчи жолкусунда барган эмес. 21-декабрга чейин суракка барбаса, анда аны камоого ордер чыгаруу маселеси каралат. Прокуратурадан тышкары Юн Сок Ёлду биргелешкен тергөө тобу да суракка чакырган. Ал комиссия полиция өкүлдөрүнөн, жогорку даражадагы аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген башкармалыктын мүчөлөрүнөн жана Коргоо министрлигинин тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн турат. 14-декабрда Түштүк Корея парламентинин 300 депутатынын Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга президенттин 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду.
WSJ Түркия Сириядагы күрддөргө каршы операцияга камданып жатканын жазды
Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин Түркия Сирия менен чек ара аймагында аскерлеринин санын көбөйтүүдө. Мындан улам АКШ учурда сириялык күрддөр көзөмөлдөгөн провинцияга Түркия кирип барышы мүмкүн деп чочулап турат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды. Жогорку даражалуу америкалык өкүлдөр билдиргендей, Түркия артында турган сириялык куралдуу түзүмдөр Кобани шаарынын тегерегине топтолууда. Сириянын түндүгүндөгү бул калаа учурда күрттөрдүн карамагында. Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин өлкөнүн батыш тарабы дээрлик толугу менен Түркияга таянган, өзүлөрүн "Сирия улуттук армиясы" деп атаган топтун карамагына өттү.
Орусия: Мамдума "Талибанды" террордук уюмдар тизмесинен чыгара турган мыйзам кабыл алды
Мыйзамга ылайык, уюм эгерде "террорчулукту актоого, колдоого же пропагандалоого багытталган ишмердүүлүгүн токтотсо, аны террордук топтордун тизмесинен чыгарса болот". Тиешелүү чечимди башкы прокурордун же анын орун басарынын арызынын негизинде сот кабыл алышы керек. Серепчилердин айтымында, бул мыйзам Орусиянын бийлигинин "Талибан" кыймылын террорчул уюмдардын тизмесинен чыгаруу планына байланыштуу кабыл алынды. 2021-жылы, август айында талибдер Ооганстандагы бийликти басып алышкан. Батыш мамлекеттери "Талибан" кыймылын Ооганстандын расмий бийлиги катары тааный элек. Орусияда бул уюм террордук уюмдардын тизмесинде болгонуна карабастан, Кремлдин өкүлдөрү Москвада бир нече ирет талибдер менен жолугушкан. Ал эми 25-ноябрда Кабулга Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу барды.
Москвадагы жардырууда генерал Кириллов набыт болду
Москвадагы Рязань проспектисиндеги жардырууда Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы набыт болду. Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди. Телеграм-каналдар жарыялаган сүрөт-видеолордо көп кабаттуу үйдүн кире беришинде эки адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот. Тергөөнүн версиясына караганда, жардыруучу зат үйдүн кире беришинде токтоп турган самокатка коюлган. Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана криминалисттер иштеп жатат. "Теракт" беренеси боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды. Тергөөнүн версиясына ылайык, жардыруу артында Украинанын атайын кызматтары турат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды. Расмий бул эч жерде айтыла элек. Киев азырынча орусиялык генералдын өлүмү тууралуу билдирүү жасаган жок.