Европарламент Сахаров сыйлыгын Венесуэла оппозициясына тапшырды

Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо жана Эдмундо Гонсалес.

Европарламент Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадого жана анын тарапташы, президенттикке мурдагы талапкер Эдмундо Гонсалеске тапшырды.

"Алар миллиондогон венесуэлалыктар жана Европарламент үчүн абдан маанилүү баалуулуктарды - адилеттүүлүктү, демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн тайманбастан коргоп турушту", - деди Европарламенттин төрайымы Роберта Метсола 17-декабрда сыйлыкты тапшыруу аземинде сүйлөп жатып.

Сыйлыкты 75 жаштагы Эдмундо Гонсалес алды. Ал Венесуэладагы шайлоодон кийин өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийин Испаниядан саясий баш калка алган.

Ал эми 57 жаштагы Мария Мачадо Венесуэлада жашырынып жашоого аргасыз болууда. Анын ордуна сыйлыкты кызы Ана Корина Соса алды.

Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда өткөн. Оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алышканын, анда Гонсалес Мадурону эки эсе көп добуш менен утканы айкын экенин айтып чыгышкан.


Президент Николас Мадурого баш ийген Шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчы 51,2%, ал эми Гонсалес 44,2% добуш алганын жарыялаган.

Мадуронун жеңишине каршы өлкөдө жапырт нааразылык тутанып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген киши баш калаа Каракастын борборуна чыгышкан.

Августта прокуратура Гонсалеске жана Мачадого кылмыш ишин козгоп, аларды мыйзамдарга баш ийбей, жалган маалымат таратууга, документтерди бурмалоого, маалыматтык системалардагы диверсияга, кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптаган.

Венусуэлалык оппозиционерлердин талапкерлигин Сахаров сыйлыгына оңчул Европалык элдик партиясы көрсөткөн.

Сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделип, дүйнөдө адам укуктарын, демократияны коргогон адамдарга жана уюмдарга тапшырылат.

Дагы караңыз

WSJ Түркия Сириядагы күрддөргө каршы операцияга камданып жатканын жазды Мамдума "Талибанды" террордук уюмдар тизмесинен чыгара турган мыйзам кабыл алды Абактагы Имамидин Ташов өзүнө үчүнчү жолу кол салды