Өзүнө кол салган Ташов ооруканадан кайра тергөө абагына кайтарылды

Имамидин Ташов Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда. 17-декабрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 17-декабрда Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дарыгерлерге көрсөтүлгөндөн кийин кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына кайтарылды.

Ал тергөө абагында өзүнө кол салып, “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Медицина кызматкерлери менен Жаза аткаруу кызматы ал кандай жаракат алганы тууралуу маалымат бере элек. Жакын тууганы Кумарбек Жоробаев иниси ичин кесип жибергенин айтты.

16-декабрда апасы Саибжамал Абдукаимова, иниси Сүйүнбек Ташов жана Кумарбек Жоробаев ишкерди үй камагына чыгарууну суранып, бийликке кайрылышкан.

Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.

30-октябрда да ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда.

Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. УКМК Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (BTo/MKt)

Дагы караңыз

Депутат Кылычбаев күч органдарында иштеген аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады Бишкекте 33 жаштагы келин күйөөсүнүн бычагынан каза таптыСотто Самат Матцаковдун адвокаттарынын арызы карала баштадыЖалал-Абад облусунда 10 күндө 20 адам иске ууландыТашиев салыкчылардын мыйзамсыз ишинен 30 млрд сом салык түшпөй калганын айттыТашиев Садыр Жапаров дагы "эки жолу президенттикке койгонго укугу бар" деп эсептейтИмамидин Ташов абакта өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилдиТашиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти