17-декабрда Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалды.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя түшкө жуук Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш авто бекетинин аймагында болгон. Жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, күйөөсү аялын бычак менен сайып жибергени аныкталган. 33 жаштагы келин “Тез жардам” келгенге чейин каза болгон.
Шектүү окуя болгон жерден кармалган.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (BTo)
Дагы караңыз
Сотто Самат Матцаковдун адвокаттарынын арызы карала баштадыЖалал-Абад облусунда 10 күндө 20 адам иске ууландыТашиев салыкчылардын мыйзамсыз ишинен 30 млрд сом салык түшпөй калганын айттыТашиев Садыр Жапаров дагы "эки жолу президенттикке койгонго укугу бар" деп эсептейтИмамидин Ташов абакта өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилдиТашиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти Евробиримдик министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алыштыАбактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулдуКамчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты