Ташиев салыкчылардын мыйзамсыз ишинен 30 млрд сом салык түшпөй калганын айтты

Камчыбек Ташиев. 17-декабрь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан кылмыш иши тууралуу кенен маалымат берди.

Ал 17-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик салык кызматында буга байланыштуу мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирди.

“Мисалы, арак чыгарылганда ага акциздик марканы чаптап, сатууга жөнөтөт жана ага ЭТТНди жазышат. Алар (ред: салыкчылар) ЭТТНди артка кайтарып алышып аны жок кылышат да, товар болсо сатылып кете берет. Кийин чыккан товарлар да ушундай жол менен сатыла берет. Ар бир кайтарылган ЭТТН боюнча салыкчылар ал эмнеге кайтарылганы боюнча акт түзүшү керек эле. Биз бирок алардын бири да текшерилбегенин аныктадык. Жалпы айланган акча 464 млрд сом болгон. Ушунча акчаны көмүскө экономикадан алып чыгып, салыкчылар кайра өздөрү алектенишкен. Бул жерден 30 млрд сомдой салык төлөнбөй калган”, - деди ал.

Камчыбек Ташиев 7-декабрда гана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кыдыкбек Кыдыровдун да бул ишке тиешеси бар экени аныкталганын, анын ордуна президент Садыр Жапаров кайра башка кишини дайындай турганын кошумчалады.

6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген.

УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын, салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин кошумчалаган.

6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алып, экөө тең кызматтан кеткен. Алардын адвокаттары менен жакындары бул иш тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев Садыр Жапаров дагы "эки жолу президенттикке койгонго укугу бар" деп эсептейтИмамидин Ташов абакта өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилдиТашиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти Евробиримдик министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алыштыАбактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулдуКамчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сом өндүрүлгөнүн айттыОшто аялын, кайненесин сабаган деген адам бир айга камалды