Имамидин Ташов абакта өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилди

Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 17-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө дагы кол салып, Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна “Тез жардам” менен жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкердин адвокаты Нурсултан Жаныбеков айтып, маалыматты иниси Сүйүн Ташов да ырастады.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 14:00дө анын иши боюнча соттук отурум болмок.

Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.

30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Ал Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеде дарыланып, кийин №1 тергөө абагына которулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда.

Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. УКМК Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти Евробиримдик министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алыштыАбактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулдуКамчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сом өндүрүлгөнүн айттыОшто аялын, кайненесин сабаган деген адам бир айга камалды1-январдан тарта жолго төлөнүүчү акча күйүүчү майдан алына баштайт