Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алышты. Еврокеңештин билдирүүсүндө бул ирет “көмүскөдөгү флоттун” жардамы менен буга чейинки жазалоочу чараларды кыйгап өтүүгө каршы күрөшүү каралганы айтылат.
“Кара тизмеге” үчүнчү өлкөлөрдүн 52 кемеси киргизилген. Шаркеттин пикиринде, алардын Орусиянын энергетика тармагын колдоого жана орус армиясына аскердик техниканы ташууга тиешеси бар.
“Бул пакет Орусиянын согуш машинасын алсыратууга жана согушка өбөлгө түзгөндөргө, анын ичинде кытайлык фирмаларга каршы багытталган иш-чаралардын бир бөлүгү”, - деп билдирди биримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас.
Маалыматка караганда, санкциялык тизмеге “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, суверенитетине жана көз карандысыздыгына көлөкө түшүргөн же коркунуч жараткан” 54 жеке адам жана 30 уюм камтылды.
Арасында Киевдеги балдар ооруканасын аткылаган аскердик бөлүк, украиналык балдарды депортациялоо үчүн жооптуулар, Орусиянын энергокомпанияларынын жогорку өкүлдөрү жана Түндүк Кореянын эки “жогорку” расмий адамы бар.
22-октябрда Bloomberg агенттиги Орусиянын көмүскө флотунун танкерлери санкциялар киргизилген орусиялык компаниялар жана Кыргызстан менен Камерундун фирмалары тарабынан камсыздандырылганын жазган.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкциялардын талабын сактоого даяр экенин айткан.
Дагы караңыз
Газа: Израилдин соккусунан 50дөй киши набыт болду, журналист окко учту БШК депутат Чынберди Төлөновду мандатынан ажыраттыКерчь кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси кырсыкка кабылды