Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карайт
Конституциялык соттун судьялар коллегиясы 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелери Конституцияга, анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Конституциялык соттун сайтына жарыяланды. Адвокат мындан тышкары тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун көрсөткөн. Адвокат бул айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат деп эсептейт. Адвокат ошондой эле айыпталуучу апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда даттануу жол-жоболору аяктагандан кийин келсе, ал сырттан чыгарылган өкүмдү даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы - сот адилеттигин жокко чыгарарын белгилеген. Ушундан улам жактоочу өзү талашып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну Конституциялык соттон өтүнгөн. Консот өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап, алты айдын ичинде ал боюнча акт чыгарыларын билдирди.
Садыр Жапаров: Тажикстан менен чек ара өкмөттөр аралык комиссия ишин аяктаганда ачылат
Президент Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара бекеттерин эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин жыйынтыктаганда ачыларын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 13-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты. Ал чек араны делимитация иштери бүткөндө гана ачууну жергиликтүү эл талап кылганын билдирди. Президент мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керектигин белгилеп, эки эл ынтымактуу жашаса элдин жашоо турмушу оңолорун айтты. Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоодо талаш болуп келген жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн, айрым тилкелер боюнча да ушундай эле алмашуулар болгонун кошумчалады. 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген. 2021-жылдын апрель айындагы куралдуу кармаштан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун көлөмү тарыхый чекке жетти
11-12-декабрда Кыргызстанда электр энергиясы мурда болуп көрбөгөндөй көп пайдаланылып, чектен ашты. Энергетика министрлиги 13-декабрда тараткан маалыматка ылайык, кыш түшүп, күн сууктагандан тарта электр энергиясын пайдалануу күч алды. 12-декабрь күнү 3612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жетти. Министрликтин белгилөөсү боюнча электр энергиясы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушунча көп пайдаланылды. Электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр 14-декабрда болгон. Ал күнү өлкөдө 3401 мегаватт электр энергиясы сарпталып, бир суткадагы керектөө 73,370 млн кВт саатты түзгөн. Министрлик электр энергиясын мындай темп менен сарптоо суу сактагычта суунун тез азайып, 6 млрд метр кубга жетип калуусуна алып келерин эскертти. Мындан Токтогул ГЭСинин иши токтоп каларын билдирген Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын болушунча үнөмдөөгө чакырды.
Украинанын аймактарына абадан жапырт сокку урулду
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, чабуул дрон, ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжал” ракетасы менен жасалган. Киев, Одесса, Львов, Черкасс, Хмельницк, Харьков жанс башка облустарда жарылуулар болгону кабарланды. Украинанын энергетика министри Герман Галущенко орус армиясынын жапырт чабуулуна энергообъектилер дуушар болгонун билдирди. "Энергетиктер энергосистемага жасалган соккулардын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн колдон келген аракетин көрүүдө”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына. Киев жана Тернополь облустарында электр жарыгы өчүрүлдү. Жапырт аба чабуулдан улам Польша аба бомбалоочу учактарын көтөрүп, абадан коргонуу системаларынын даярдыгын күчөттү.
АКШ Грузия бийлигинин дагы 20дай өкүлүнө санкция салды
АКШ Мамдепартаменти билдиргендей, “кара тизмеге” бир катар министрлер, парламент депутаттары, тартип коргоо органдарынын жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү кирди. Алардын аты-жөнү азырынча белгисиз. Бул тизме дагы кеңейиши мүмкүн экени кабарланды. Грузияда жапырт нааразылык акциялары ноябрдын соңунда башталган. Анын тутанышына өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтоткону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Ошондон бери демонстрациялар баш калаа Тблисиде жана башка шаарларда ар түнү уланууда. Жалпы нааразылык акцияларында 400дөй киши кармалып, алардын 30дайына кылмыш иши козголду.
RSF: Быйыл дүйнөдө 54 журналист кесибине байланыштуу каза тапты
Францияда жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму өз отчетунда өзгөчө жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарда журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүнө тынчсызданат. Баяндамага ылайык, 54 журналисттин 31и согуш аймактарында окуяларды чагылдырып жүргөндө набыт болгон. Бул – беш жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Газа эң кооптуу жер деп сыпатталган. Быйыл бул тилкеде кесиптик милдетин аткаруу убагында каза тапкан журналисттер жалпы көрсөткүчтүн 30% түздү. "2023-жылдын октябрынан бери Израилдин армиясынын колунан 145 журналист набыт болду, кеминде 35и кесибине байланыштуу өмүр менен кош айтышты", - деп айтылат отчетто. RSF журналисттерди коргоо үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке жашоосу жана саламаттыгы тууралуу маалымат жашыруун болот
Казакстан парламенти мамлекеттик сырлар тууралуу мыйзамга киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы президенттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жашоосу менен саламаттыгы тууралуу маалыматтар жашыруун болот. Эмидокумент президентке кол коюуга жөнөтүлөт. Назарбаев 2019-жылдын мартында бийликти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенде кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган. 2022-жылкы Январь окуяларынан кийин ал “Элбашы” макамынан, өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө укугунан ажыратылган. Ошондой эле калкка кайрылууга жана мамлекеттик мекемелерге жана бийлик өкүлдөрүнө өз демилге-сунуштарын айтууга тыюу салынган.