Аба ырайы: Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында кар жаайт

Бишкек шаары. Кыргызстан.

Синоптиктер шашылыш билдиргендей, 15-17-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: 15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

16-17-декабрларда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -20…-25°, бийик тоолуу райондордо -30…-35° чейин суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндуз 6…11

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүзг 10…12° жылуу болот.

Дагы караңыз

Министр “Асман” шаары боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айттыАКШ Грузия бийлигинин дагы 20дай өкүлүнө санкция салды Каракол жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына өттүБаткендеги базарга өрт өчүрүүчү автоунаа кире алган жок