Министр “Асман” шаары боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

"Асман" шаарынын долбоору.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Ал 13-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынынында сүйлөп жатып, Финансы министрлиги ал инвесторлор менен жакында эле меморандумга кол койгонун айтты.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт “Асман” шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылы мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.

Президент быйыл 25-майда Балыкчы шаарындагы сапарында “Асман” шаарын курууга катышууну каалаган инвесторлордун сунушу менен долбоорго өзгөртүү киргизилип, экологиялык кызыкчылыктарга басым жасалганын, ушундан улам долбоордун мөөнөтү узарып кеткенин билдирген.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Буга чейин аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, “Асман” шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ Грузия бийлигинин дагы 20дай өкүлүнө санкция салды Каракол жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына өттүБаткендеги базарга өрт өчүрүүчү автоунаа кире алган жокӨкмөт башчы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү токтомуна кол койдуСадыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн айтты Президент Тажикстан менен чек ара өкмөттөр аралык комиссия ишин аяктаганда ачыларын айттыКыргызстанга тогуз айда тыштан 746 млн доллар инвестиция келдиКонституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн өндүрүшкө алды