Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, чабуул дрон, ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжал” ракетасы менен жасалган. Киев, Одесса, Львов, Черкасс, Хмельницк, Харьков жанс башка облустарда жарылуулар болгону кабарланды.
Украинанын энергетика министри Герман Галущенко орус армиясынын жапырт чабуулуна энергообъектилер дуушар болгонун билдирди.
"Энергетиктер энергосистемага жасалган соккулардын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн колдон келген аракетин көрүүдө”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Киев жана Тернополь облустарында электр жарыгы өчүрүлдү. Жапырт аба чабуулдан улам Польша аба бомбалоочу учактарын көтөрүп, абадан коргонуу системаларынын даярдыгын күчөттү.
Дагы караңыз
Президент Тажикстан менен чек ара өкмөттөр аралык комиссия ишин аяктаганда ачыларын айттыУКМК “Харе Кришна кыймылы" сектасынын "мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө" бөгөт коюлганын билдирдиБУУ 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү деп белгиледи