Жогорку Кеңеште 11-декабрда мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссияга сегиз депутат - Жанарбек Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин сөзүнө караганда, Министрлер кабинетинде түзүлгөн комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап, парламентке сунуштайт. Жогорку Кеңеш үч долбоордун ичинен бирин тандап мыйзам менен бекитет.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Спикер азыркы гимндин кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине окшош жана анын сөзүнүн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча коомчулукта пикирлер айтылып жатканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 30-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде гимнди алмаштырууну колдой турганын айткан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. Аны өзгөртүү боюнча коомдо пикир бир кылка эмес. (BTo)
Дагы караңыз
Депутат өкмөттү Бишкекти каптаган ыш боюнча отчет берүүгө чакырдыБишкекте адамдарга бычак менен кол салуу окуясын ИИМ көзөмөлүнө алдыОшто аялын, кайненесин сабаган деген адам камакка алындыЗапорожьеде Орусиянын соккусунан каза тапкандар тогуз кишиге жетти11-декабрь: Канибадамда бир үй-бүлөнүн өлүмү иликтенүүдө, Бишкек абасы кир шаарлардын сап башында