Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте ышка каршы күрөш боюнча кабыл алынган план эмнеге жыйынтык бербей жатканы тууралуу Министрлер кабинети отчет бериши керектигин билдирди. Бул тууралуу депутат парламенттин 12-декабрдагы жыйынында айтты.
“Бишкекте экологияны жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя, грант алдык. Бирок өпкөбүз ышка толду. Бир нерсе кылыш керек да. Бизде план, программа, концепция бар. Бирок анын баары эмне үчүн иштебейт. Ушул боюнча отчет берип койсоңор”, - деди ал.
Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот.
Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 11-декабрдагы индексинде Бишкек деген көрсөткүч менен биринчи сапка чыккан.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкекте адамдарга бычак менен кол салуу окуясын ИИМ көзөмөлүнө алдыОшто аялын, кайненесин сабаган деген адам камакка алындыЗапорожьеде Орусиянын соккусунан каза тапкандар тогуз кишиге жетти11-декабрь: Канибадамда бир үй-бүлөнүн өлүмү иликтенүүдө, Бишкек абасы кир шаарлардын сап башында