Грузиядагы нааразылык акцияларына мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдар да кошулду. «Кавказ жаңырыгы» сайты бул тууралуу «ИнтерпрессНьюс» агенттигине шилтеме менен жазды. Маалыматка караганда, алар өлкөдөгү окуяларга байланыштуу өз пикирин билдирүүнү көздөгөнүн айтышат.
Тбилиси шаарынын мэриясында иштеген Гига Сопромадзе парламенттин жанына келгенинин себебин «Грузиянын Еврошаркет менен сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечимине макул эместиги» менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге басым-кысым көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Грузин парламенти ушу тапта «Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап жатат.
Ал арада демонстрациялар маалында кармалгандардын укуктарын коргогон бейөкмөт уюмдар полиция айрым катышуучуларды күч менен суракка алып кетип жатканын билдиришти.
Жекшембиде Грузиянын ички иштер министринин орун басары Александр Дарахвелидзе Тбилисиде евроинтеграцияны жактаган митингдерде 28-ноябрдан бери 400дөн ашуун киши кармалганын маалымдаган.
Ал 30 киши кылмыш жообуна тартылганын, 372сине административдик иш козголгонун тактай кетти.
Дарахвелидзе митингчилер тартип коргоочуларга каршы пиротехника жана "Молотов коктейлдерин", темир, жыгач союл колдонгонун, 150дөн көп полициячы жабыркаганын белгиледи.
Буга чейин 400 кишинин кармалганын аларга укуктук жардам берип жаткан Transparency International укук коргоо уюмунун Грузиядагы бөлүмү маалымдаган. Укук коргоочу уюм 300дөн ашууну кыйноолорго, ырайымсыз мамилеге кабылганын билдирген. 80 кишиге кармалгандан кийин ооруканада дарылануу зарыл болгон.
Кармалгандар арасында оппозиция өкүлдөрү да бар.
11-декабрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон башкаруудагы «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү жана ардактуу төрагасы Бидзина Иванишвили менен телефондон сүйлөшкөнү маалым болду.
Француз мамлекет башчысынын кеңсеси жасаган билдирүүдө Макрон тартип коргоочулардын нааразылык акциялар учурунда митингчилерге жана журналисттерге ашыкча күч колдонгонун айыптаганы айтылат.
Ал ошондой эле негизсиз кармалгандарды дароо кое берүүгө чакырып, «Грузин кыялы» партиясынын европалык баалуулуктардан тайып, авторитаризмге ыктаганына камтамасын ортого салды.
Партиянын маалыматы боюнча Иванишвили Грузия “мыйзам үстөмдүгүнө таянган мамлекет экенин”, кармалгандардын көбүнө административдик иш козголгонун жана алар жакын арада бошотуларын айтты. Ал полиция Европадагы стандарттарга ылайык аракеттенгенин кошумчалады.
Грузияда бул жолку митингдер 28-ноябрда премьер-министр Ираклий Кобахидзе Еврошаркетке кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечими кабыл алынганын жарыялагандан кийин тутанган.
Дагы караңыз
"13 жылдан бери эңсеген мекенге кайтабыз ". Түркиядагы сириялык качкындар 2024: Кыргыз футболунун мыктылары - Кожо жана АйжанЗапорожьеде Орусиянын соккусунан каза тапкандар тогуз кишиге жетти