Запорожьеде орус армиясынын 10-декабрдагы соккусунан каза тапкандардын саны тогуз кишиге жетти. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, “дарыгерлердин аракеттерине карабай 74 жаштагы киши ооруканада көз жумду”. 21 киши, арасында бир бала жана эки дарыгер жарадар болгон.
Фёдоров аткылоонун сүрөтүн жайгаштырып, сокку “Искандер” комплексинин ракетасы менен урулганын билдирди.
Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы урандылардын арасынан аман калгандарды таап, куткаруу иштерин жүргүзгөнүн маалымдаган.
10-декабрда жергиликтүү саат 15:00 чамасында Орусиянын куралдуу күчтөрү Запорожьенин борборуна ракетадан сокку урган. Башкы прокуратура менчик клиниканын имараты жана жанындагы кафе талкаланганын, бир нече турак жай, машиналар зыян тартканын билдирген.
Шаршембиде Запорожьеде аза күтүү жарыяланган.
Өз кезегинде Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Запорожье АЭСине кеткен жолго дрон менен сокку урулганда уюмдун машинасы жабыркаганын маалымдады. Мекеменин жетекчиси Рафаэл Гросси чабуулду согуш учурунда өзөктүк апааттын алдын алууга аракеттенген кызматкерлерге кол салуу катары айыптады. Учкучсуз учакты кайсы тарап учурганы айтылган жок.
6-декабрда Запорожьеге коюлган чабуулдан он киши набыт болгон, 26сы жабыркаган. Алардын арасында үч бала, бирөө төрт айлык ымыркай экени кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 10-декабрдагы соккуну комментарийлеген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын жарандык жайларын бутага алганын танып келет.
Дагы караңыз
Бишкекте ракты аныктай турган жаңы лаборатория ачылды Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыкты