Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыкты

Ыш каптаган Бишкек.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 11-декабрдагы индексинде Бишкек кечинде (саат 19:42) 243 деген көрсөткүч менен биринчи сапка чыкты. Андан кийинки саптарда Дакка, Лахор, Тегеран жана Ташкент шаарлары турат.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын ноябрь айындагы индексинде Бишкек 185 көрсөткүчү менен абасы таза эмес шаарлардын баштапкы беш сабына кирген.

Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы Ташов 6-декабрдан бери кургак ачкачылык кармап жатканы кабарланды ЖАК абактагы Султанбековго азык-түлүк киргизилбей жатат деген билдирүүнү четке какты Парламенттеги суроолор: Чек ара, коррупция, бюджет жана бийликке сын "Манас Ордонун" директору болуп Камил Мамадалиев дайындалды