KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков 11-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ташов сот отурумунун мыйзамсыз өтүүсүнө, адилетсиз жана негизсиз айып коюлганына, арыздары каралбай жатканына жана курулуш компаниясынын банктык эсептердин камакка алынышына нааразылык иретинде суу да ичпей, кургак ачкачылык жарыялаган.
"Имамидин Ташов расмий түрдө өткөн жума күндөн тартып тамак, суу да ичпей, ачкачылык кармап баштаптыр. Ишемби күнү киргенимде тергөө абагынын жетекчилигине ачкачылык кармаганын расмий арыз берип кабарлаган экен. 11-декабрда тергөө абагына барып, өзүнө жолукканымда, кызматкерлердин коштоосунда, алардын жардамы менен басып келди. Абалы жакшы эмес, күчүнөн тайып калган", - деди адвокат.
Жаныбеков Ташовго бир туугандары суу киргизсе, тергөө абагынын кызматкерлери ал ачкачылык жарыялаганын айтып, кабыл албай коюшканын кошумчалады.
Жаза аткаруу кызматы Имамидин Ташовдун ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат бере элек.
Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда.
Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.
30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Ал Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеде дарыланып, кийин №1 тергөө абагына которулган.
Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. Мекеме Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. (ZKo)
Дагы караңыз
ЖАК абактагы Султанбековго азык-түлүк киргизилбей жатат деген билдирүүнү четке какты Парламенттеги суроолор: Чек ара, коррупция, бюджет жана бийликке сын "Манас Ордонун" директору болуп Камил Мамадалиев дайындалдыХаменеи Асаддын төңкөрүлгөнү үчүн АКШ, Израил жана Түркияны айыптадыКабулдагы жардырууда талибдердин министри Халил Хаккани каза тапты