Газа тилкесинде 30дан ашуун кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды

Нусейрат лагери. Газа тилкеси, 7-декабрь, 2024-жыл

Шаршембиге караган түнү жана таң эрте Израилдин соккусунан Газа тилкесинде кеминде 31 киши каза тапканын палестиналык дарыгерлерге шилтеме менен Рейтер агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, Беит Лахья шаарындагы турак үйгө дүрмөт тийгенде бери дегенде 22 киши, арасында балдар менен аялдар набыт болду. Маркумдардын жакындары алардын ысымдарын социалдык медиага чыгарышты.

Рейтер жазгандай, палестиналык WAFA кабар агенттиги көп кабаттуу турак жайда кеминде 30 киши жашап атканын, бир нечеси дайынсыз экенин маалымдады.

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ сокку тууралуу маалыматты текшерип жатканын билдирди.

Шаршембиде таң эрте Нусейрат качкындар лагеринде бери дегенде жети палестиналык Израилдин соккусунан каза тапканын, бир нече киши жараат алганын Рейтерге медициналык кызматкерлер айтып беришти.

Палестиналык Өзгөчө кырдаалдар кызматынын айтымында, Газа шаарында израилдик күчтөрдүн соккусунан эки киши мүрт кетти.

ЦАХАЛ жасаган билдирүүдө Газа тилкесинен Израилдин аймагына эки ракета атылып, калк жашабаган жерге тийгени, эч ким жабыркабаганы айтылат.

Газадагы аскердик операциянын башталышына ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун 2023-жылдын октябрь айындагы Израилдин конуштарына кол салуусу түрткү болгон. Хамасчылар ошондо 1200дөй кишини өлтүрүп, дагы 250дөй кишини барымтага алган.

Согуш кеминде 44 700дөй адамдын өмүрүн алып, калкынын көбн качкынга айланганын ХАМАС башкарган анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Аймактын көп бөлүгү талкаланды.

Дагы караңыз

Парламенттеги суроолор: Чек ара, коррупция, бюджет жана бийликке сын "Сөөгүн интернеттен көрүп калдым". Согушка кеткен агасын издеген Наргизанын баяны Бишкекте рак ооруларын аныктай турган санарип лаборатория ачылды