"Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 2024-жылдын 11 айында Кыргызстанда 4,4 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен 3,9 млрд сом мал чарбачылыгына, 473,84 млн сом дыйканчылыкка берилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги 10-декабрда маалымдады.
Насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” (РСК) банктары аркылуу берилүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган арзан насыянын быйылкы көлөмү 5 млрд сом.
Мурдараак “Айыл банктын” төрагасы Тилек Алимжанов быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүнгөнүн парламентте айткан. (ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда мыйзамсыз курулган миңден ашык мечит, медресе аныкталдыАба ырайы: күн суук болотЖаңы ачылган Өзгөн айланма жолу убактылуу жабылдыЖАК Султанбеков медициналык текшерүүдөн баш тартканын билдирди"Жыйырма алты күн". Абактагы Султанбеков ачкачылык кармоону улантууда