Аба ырайы: күн суук болот

11-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -1…-3° суук болот.

Дагы караңыз

Кыргызстанда мыйзамсыз курулган миңден ашык мечит, медресе аныкталдыЖаңы ачылган Өзгөн айланма жолу убактылуу жабылды"Көрүүсү начарлап, өзү алсырап турат". Абактагы Султанбековдун абалы кандай?ЖАК Султанбеков медициналык текшерүүдөн баш тартканын билдирдиСот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жок