Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Кыргызстанда 3626 мечит, медресе бар экенин, акыркы үч жылдагы текшерүүдө алардын 1000ден көбү мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын билдирди. Алардын көбү санитардык талаптарга, өрт коопсуздугуна жооп бербейт же үлүш жерлерге салынган.
Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча маалымат берип жатып айтты.
“Ошол 1000ден ашык диний жайлардын 880и каттоодон өттү. Ал эми 120 мечитти каттоого такыр мүмкүн эмес. Алар эч кандай макулдугу жок эле курулуп калган. Алардын арасында суунун жээгине, каналдын үстүнө курулуп калгандары бар. Азыркы мыйзам долбооруна биз мечитти курганга чейин алар жергиликтүү бийликке, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылат деп жаздык. Ошол аймакта мечит куруу зарылдыгы бар-жогун карап, анан курулушу башталышы керек”, - деди ал.
Министрлер кабинети сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты. (BTo)
Дагы караңыз
Жаңы ачылган Өзгөн айланма жолу убактылуу жабылдыЖАК Султанбеков медициналык текшерүүдөн баш тартканын билдирдиСот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жокТИМ Сириядагы кыргыз жарандарын бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырдыТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун өлкөдөн чыгуусуна тыюу салындыLawyers for Lawyers уюму кыргыз бийлигин Матцаковду бошотууга чакырдыМинистрлик: Бала бакчада чарчап калган Алиянын окуясын комиссия иликтеп жатат