Жаңы ачылган Өзгөн айланма жолу убактылуу жабылды

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол.

Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү акы алына турган жаңы автоунаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.

Депутаттар Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков маселе көтөрүп, аларга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев жооп берди. Ал автоматташтырылган системадан мүчүлүштүк кетип жолду убактылуу жапканга туура келгенин, ушул жуманын аягында кайра ачыла турганын айтты.

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа жолу 6-декабрда ачылып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Быйыл 26-январда Өзгөн районунун администрациясы “Тез жол” жана “Жагалмай” деген эки компания менен Өзгөн шаарын айланып өтө турган жол салуу үчүн келишим түзүп, долбоордун наркын 29 млн доллар деп баалаган. Өкмөт менен жолду салган компания 49 жылга келишим түзгөн.

Бул - Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү каттам. Андан өтүү үчүн жеңил автоунаалардан 200 сом, жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат.

Журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында 1-октябрда “Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?” деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун “Тез жол” компаниясы салып жатканы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.

Садыр Жапаров 2-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айткан.

Жолдун ачылышында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев бул долбоордон чыкканын жарыялады.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Жолго 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынды. (BTo)

Дагы караңыз

ЖАК Султанбеков медициналык текшерүүдөн баш тартканын билдирдиСот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жокТИМ Сириядагы кыргыз жарандарын бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырдыТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун өлкөдөн чыгуусуна тыюу салындыLawyers for Lawyers уюму кыргыз бийлигин Матцаковду бошотууга чакырдыМинистрлик: Бала бакчада чарчап калган Алиянын окуясын комиссия иликтеп жататКыргызстанда чет өлкөлүк мигранттар жаңы жобо менен иштейт