Жаза аткаруу кызматы Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирди. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.
“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.
Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. Ал ачкачылыкты Бишкек шаардык милициясы кармаганда эле баштаган.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)
Дагы караңыз
ТИМ Сириядагы кыргыз жарандарын бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырдыТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун өлкөдөн чыгуусуна тыюу салындыLawyers for Lawyers уюму кыргыз бийлигин Матцаковду бошотууга чакырдыМинистрлик: Бала бакчада чарчап калган Алиянын окуясын комиссия иликтеп жататКыргызстанда чет өлкөлүк мигранттар жаңы жобо менен иштейтЖурналист Адыл Акжол уулунун кылмыш иши токтотулуп, эркиндикке чыкты