Өзбекстан Батыш өлкөлөрү менен виза режимин жеңилдетүүнү көздөйт

Иллюстрация

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тышкы иштер министрлигине Британия, Германия, Канада, Словакия, Австралия, Жаңы Зеландия өңдүү өлкөлөр менен виза режимин жеңилдетүү тапшырмасын берди.

Мындай чара чет жактарда билим алууну, иш жөндөмүн жогорулатууну, заманбап ишканаларда эмгектенүүнү каалагандардын виза алышына өбөлгө түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу жазды.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 7-декабрдагы жыйында калкты эң зарыл кесиптерге үйрөтүү жана жогору маяна төлөнгөн жумуш менен камсыздоо маселеси каралды.

Студенттердин жайкысын чет өлкөлөрдө окуп жана иштөөсүнө шарт түзүү үчүн Жаштар агенттиги алардын жол киресине кредит берип турмакчы.

«Озодлик» буга чейин Өзбекстан жана Кытайдын тышкы иштер министрлери үстүбүздөгү айдын башында визасыз режим тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол койгонун кабарлаган. Ага ылайык, өзбек жарандары Кытайда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Германия дагы өзбек жарандарына жумуш визасын берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүү ниетин билдирген.

Дагы караңыз

"Көрүүсү начарлап, өзү алсырап турат". Абактагы Султанбековдун абалы кандай?Жаактан балерина, териден маңкурт. Нарындын өнөрпоздору