Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл. Сеул. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ренхап" агенттиги кабарлады.

"Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, башкы прокурор О Дон Ун парламенттик угууда тергөөчүлөрдөн президенттин өлкө сыртына чыгуусуна тыюу салуу тапшырмасы түшкөнбү деп сурады жана "ооба" деген жооп алды.

Мамлекет башчы өзгөчө абал киргизгени үчүн айыпталууда.

Associated Press Юстиция министрлиги тиешелүү чечим кабыл алганын, президентти өлкөдөн чыгарбай туруу арызы менен коррупцияны териштирген башкармалык кайрылганын жазды.

Жекшембиде өлкө парламенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү добуш топтой албай калганын "Ренхап" агенттиги кабарлаган.

Парламенттеги 300 депутаттын 195и гана добуш берүүгө катышты. Мыйзам боюнча президентке импичмент жарыялоо үчүн кеминде 200 депутаттын макулдугу керек.

3-декабрдын кечинде президент Юн Сок Ёль күтүүсүздөн аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердиги өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.

Президенттин кайрылуусунан бир нече сааттан кийин парламент президенттин жарлыгын жокко чыгарган. Ал учурда ондогон адам парламент алдына нааразылык акциясына чыгып, полиция менен кагылыша кеткен.

Дагы караңыз

Сирия: Козголоңчулар Дамаскты алды, Асад кайда экени белгисизЖаактан балерина, териден маңкурт. Нарындын өнөрпоздору