Тоталитаризмге каршы турган сүрөткер же 17-поюзду Айтматов кантип токтотту

Чыңгыз Айтматов

Цивилизациянын эң бараандуу жетишкендиктеринин бири катары поюз ХХ кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында өзгөчө мааниге ээ.

Бул кокусунан эмес: инженерлердин кыялында пайда болгон учурдан тартып эле техниканын бул түрү өнөр жайда эбегейсиз зор революция болорун туюнта баштаган. Жүк менен адамдарды мурункудан миң эсе көп да, тез да ташыган унаа дал ошондой фантастикалык көрүнүш болду. Көз ирмемге да токтобой шаштырган мезгилдин өзүн ылдамдатып, учу-кыйыры жоктой көрүнгөн мейкиндикти алаканга сыйдырып берген керемет эмеспи! Бекеринен Карл Маркс тарыхый өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы деп революцияны поюздун локомотиви менен салыштырбаган. Дагы көптөгөн атактуу адамдар цивилизацияны алга жылдыруучу күч деп… согуштарды актап жүрүшөт.

Сапар башында

Жазуучунун чыгармачыл тагдыры жана өмүр жолу дал ушул революциянын, улам алга сүрөгөн убакыт деминин, кыйроо, бүлгүн менен аяктоочу соңку кезине шашкансып үрөй учургандай ылдамдап бараткан тарыхтын символу болгон поюзга байланышкан… Бирок ал убакта муну эч ким сезбеген да, туйбаган. Ал кезде бүгүн биз көрүп турган алааматтар эми гана башталып бараткан. Өз доорунда Арстанбек (1824-1878) “устаранын мизинде оодарылган дүнүйөнү” ырдаган болсо да, кыргыздар накта темир дооруна өткөн кылымдын башында гана кадам коюптур. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдары Чыңгыз Айтматовдун чоң атасынын тегирмени өрттөнүп кетет. “Ошондо ал киши он эки жашар уулу Төрөкулду ээрчитип, Маймак станциясына жакын жердеги темир жол тоннелинин курулушуна барып иштөөгө аргасыз болот, - деп эскерет жазуучу баарыбызга белгилүү "Өзүм жөнүндө" макаласында. - Ошол багы ачылбаган тегирмен күйүп кетпегенде, чоң атам темир жолго барат беле да, атам шаардан окуп билим алат беле?”

“Кылым карытар бир күндүн” автору кыргыз интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Атасынан эрте ажырап (Төрөкул Айтматов сталиндик репрессиянын курманы болгон), Чыңгыз жаркын замандын караңгы, туңгуюк жагын да бала чагында эле көргөн.

Ошентип, Айтматовдун инсандык, жазуучулук тагдыры Октябрь революциясына түздөн-түз байланыштуу, ошол эле учурда ага карата жекече мамилеси да татаал, карама-каршылыктуу болду – башкача болушу мүмкүн эмес эле. Адам баласынын жашоодогу бардык нерсени жансыз машинанын (максаттын максатына айланган революциянын) улам катуулап бараткан ылдамдыгына, алкынтып-жулкунткан ыргагына баш ийдирүүгө умтулуусу канчалык кесепеттүү болорун ал бармактайынан тарта сезип-туйган. Бирок турмушта өз алдынча жолго чыккан уландын жан дүйнөсүндө “тарыхтын локомотивине” каршы туруу ниети жарала элек болчу.

Дагы караңыз Чыңгыз Айтматовдун апокалиптикасы

Стоп-кранды жулууга биринчи аракет

Ырас, бул каршылык астыртан, байкалбай күчөй берди. Айтматовду дүйнө жүзүнө тааныткан “Жамийла” повестинде баш каармандар “эч кылчайбастан, темир жол ажырымына карай кетсе” да, кийинки “Биринчи мугалим” повестинде инсан бактысы менен цивилизациянын өктөм арышынын ортосундагы болбой койбос карама-каршылык ачыкка чыга баштайт. Ырас, тарых дөңгөлөгүн артка айлантуу мүмкүн эмес, миңдеген дүйшөндөр менен алтынайлардын деми менен ого бетер күчөгөн мезгил агымы улуу дайрадай каршысындагынын баарын жууп, жапырып кете берет. Бирок 1917-жылдагы революция жеткирген ажайып дөөлөттөрдүн баарына куну теӊдеш бир нерсе унутта калып кеткен жокпу?..

Ырас, дал ушул революциянын шарапаты менен Алтынай кылымдар бою кыздардын шоруна калып келген күңчүлүктөн (карыган байдын токолу болуудан) кутулду, “Дүйшөн эңсеген терезелери чоң, кенен мектептен окуу үчүн ал көп айтып жүргөн чоң шаарга жөнөп кетти”. Бирок…

“Вагонду жандай жүгүрүп келе жаткан Дүйшөн, бир убакта атта кала берип, станциянын капчыгайы солк эте түшкөндөй:

- Алтына-а-ай! – деп, баягыдай, бирок андай деле эмес, оюнда турган алда эмнени айтпай калып, өкүнгөндөй кыйкырды. Жүрөктүн түпкүрүнөн атылып чыккан бул кыйкырык ушул күнгө чейин кулагыма угулуп тургансыйт...”

Ким билет, эгер Дүйшөндү ата журтунан алып кеткен каргашалуу согуш чыкпаса, окуусунан атайын издеп келген Алтынай аны таап, экөө бактылуу болот беле? Бирок ошол станциядан кош айтышкандан соң кайра жолугушууну тагдыр аларга ыраа көрбөптүр. Революциялык өзгөрүүлөр, андан соң согуш рельсине минген мезгил поюзу бул экөөн эки башка эшелонго-доорго биротоло ажыратып салган экен. Дүйшөн өзү анык түшүнгөндөй, алтынайлардын жаңы, жаш мууну үчүн салынып жаткан магистралдык жолго өз өмүрүн шпал кылып төшөгөн революционерлердин биринчи муунунун өкүлү болгон. Академик даражасына жетип калган Алтынай Сулайманова бир ирет сапарга чыккандагы окуяны эстейличи. Зуулдаган поюзда баратып, ал мугалими Дүйшөнгө абдан окшош кишини (Бейнеу аттуу темир жолчуну) көрүп калат эмеспи:

“- Токтогула! – вагонду жаңырта кыйкырдым да, эшигин көздөй чуркадым. Эмне кыларымды билдей турганда, стоп-кранды көрө калып, аны бар күчүм менен булкуп жулуп алдым.

Вагондор катуу кагылышып, поезд тык токтой түштү да, кайра артка силкинди. Текчелерден буюмдар төгүлүп, идиш-аяк шаңгырап сынды. Балдар ыйлап, аялдар ызы-чуу түштү. Ошондо кимдир бирөө үрөй учурган үн менен минтип кыйкырды:

- Бирөөнү поезд басып кеткен го!..” (Бул эпизод повесттин кыргызча тестине кирбей калгандыктан, орусчасынан кайра котордум – Ж. Т.)

Ырас, бул ирет эч ким өлгөн жок, атүгүл олуттуу жаракат деле алган эмес болушу ыктымал. Бирок адамды поюз тебелеп кетти деп корккон сөз бул жерде подтексттик терең мааниге ээ.

Дагы караңыз Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

“Саманчынын жолу” жана темир жол

“Биринчи мугалим” повестине удаа бир жылдан соң Айтматовдун жаңы чыгармасы - “Саманчынын жолу” жарык көрдү. Кайда көмүлгөндүгү кечээ жакынга чейин эле белгисиз болуп келген атасы Төрөкулга, төрт баласын жалгыз тарбиялап өстүргөн энеси Нагимага арналган бул китептин автобиографиялуулугу анын башталышында берилген арноодон тышкары да терең мазмунуна байланышкан. Өспүрүм кезинен тартып келечектеги залкар жазуучу согуштун эң оор жылдарындагы элдин турмушуна түздөн-түз аралашты, адамзат тарыхындагы апаат мезгилдин жүрөк үшүтөр демин сезди. Тоолуу айылдын кырчындай жигиттерин алаамат согушка эшелондор ташып кетип жатты. Согуш поюзунун рельстери өмүрдүн, жашоонун тилкеси болгон Саманчынын жолуна кайчы келди...

Уулун кан майданга узаткан эненин чексиз кайгысын өзү азаптуу да, рухий жактан бай да өмүр жолун басып өткөн Чыңгыз Айтматовдой кеменгер инсан гана чалкыган деңиздей кылып чайпалтпай чагылдырып бере алмак:

“Куйрук улаш эки паровоз чиркелип, түтүн, буу, кара чоюн, кызыл темир дөңгөлөк күркүрөп, шакылдап өтө берип, адегенде жайдак вагондор чүмбөттөлгөн замбирек, танкилер жанындагы мылтыкчан кишилери менен көзгө урунуп, анан вагондордун эшигинде топтолгон солдаттар, кыяк, ыр, сөз – кулакка, көзгө илинбей алмашылып зуулдады. Колуна желекче кармаган кандайдыр бир темир жолчу, жүгүрүп келип: “Токтобойт! Токтобойт!” - деп, колун шилтеп, бизди көкүрөккө түрткүлөп, темир жолдон четтете берди эле, ошол учурда “Апа-а! Алима-ан!” деген кыйкырык жанымдан угула түштү. Майсалбек! Алда айланып, согулуп кетейин баламай, бир колу менен вагондун туткасын карманып, боюн сыртка таштап, тумагын булгалап коштошуп өтүп бара жаткан экен. “Майсалбек!” - деп кыйкырганымды бир билем. Ошол чагылгандай оокумда Майсалбектин өңү-түсү эң бир даана көрүндү: шинелинин этектери шамалга чамынып, чачы желпилдеп, жүзүндө, көзүндө – өкүнүч да, сүйүнүч да, учурашуу да, коштошуу да! Арылдаган шамал анын кыйкырганын жула качып, Майсалбектин ушул түрүнөн көз айырбай, алыстаган сайын поезд менен кошо жарышып, эшелондун эң арткы вагону жанымдан өтө чыкканда, артынан дагы жүгүрө түшүп, жүзтөмөнүмдөн жыгылдым. Ай, ошондогу боздогонумай, какшаганымай! Ок жааган майданга бара жаткан уулумдун ордуна темир жолду кучактап, коштошуп жаттым. Дөңгөлөктөрдүн рельсиге тыкылдап урунганы улам алыстап кете берди.

Азыр да кээде ошол эшелон кулагымды тундуруп, куйрук улаш эки паровоз алып учкан вагондор мээмди жарып өткөнсүйт”.

Согушту каргаган Толгонай, дүйнөлүк революцияга ашыгып жүрүп, тагдыры туюкка кептелген (Гүлсары жоргосу кишенделип, биттелип, өзүнүн коммунисттик идеалы кыйраган) Танабай, туш тарабы жабык, чектелүү коомдун чакан үлгүсү болгон кордондон кыялындагы Ак кемесине сүзүп кеткен Бала, үрөөндүк данды уурдагандарды кууп баратып атына ок жаңылган Султанмурат, төөнүн моюн терисинен жасалчу шириден тартып космостук “Кырчоо” операциясына чейинки басынтуучу, чектөөчү, кысып эзүүчү зулум күчтүн курмандыгы болгон илгерки жана азыркы маңкурттар, бүт жер шарын темир алкак менен чеңгелдөөгө умтулган залим бийликтин өкүлү Обер Кандаловдун желдеттери өлтүргөн Авдий… Бир сөз менен айтканда, Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында инсандын кадыр-баркын, намысын, бактысын “тарыхый зарылчылыктан”, бийликтин зоболосунан өйдө коюу мүдөөсү таасын сезилип турат.

Дагы караңыз Айтматов калтырган кенч

Гринвичке кайчы келген жолду кескенде

...Бул чөлкөмдө алыс-жакын аралыктын баары Гринвич меридианы сыяктуу эле темир жолго карай өлчөнчү...

Поезддер болсо чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап жатты...

“Кылым карытар бир күн”

Мектепте география сабагынан окуганын такыр унутууга үлгүрө электер Жердин чыгыш жана батыш жарым шарларына карай глобусту тең экиге бөлө чийилген Гринвич меридианы деген бар экенин билет. Темир жол доору илгертен келе жаткан бул сызыкты кайчылап, жокко чыгаргансып, мезгил менен мейкиндиктеги жаңы ченемдерди аныктап салды. Учу-кыйры жоктой көрүнгөн талаалар менен чөлдөр, алыстан алыс созулуп жаткан тоо кыркалары эми темир желеге камалып, кысылып, чектелип бараткандай. Кош сызыктуу темир алкактар Жер шарын мыкчый чеңгелдеп алган… Мезгилдин уланмалуулугу да зордук менен чарт үзүлгөн: тоталитардык идеология убакыттын жаңы өлчөмүн 17-жылдын октябрынан тарта жүргүзүүгө далалаттанып жаткан эмес беле. Ага чейин болгондордун баарын же унутуп, же “туура”, “бирден-бир акыйкат окууга” ылайыктап “билүүгө” уруксат... Мурунку эле эмес, кийинки да күндөр, жылдар зордук менен үзүп-жулунду – беш жылдыктар, компартиянын съезддери менен пленумдары, өкмөттүн токтомдору, чечимдери улам эле алдыңкысын кийинкиси иш жүзүндө жокко чыгара берип, элди маң кыла баштаган.

Ошентип, адамдын инсандык ички бүтүндүгү бүлүнө берет. Ал тоталитардык бирдей ойлонууну (тагыраагы, жогор жактан таңууланган нерселерге ойлонбой макул боло берген адатты), бир тилдүүлүктү жана турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү бир кылкалыкты жактаган жаңы Вавилон мунарасын тургузуу үчүн курулуш материалына айланат. Революционердин өзүнчө бай, татаал мүнөзүндөгү бардык кырлар жешилип, жоюлуп, бир гана сабырсыздыгы калат. Анан бул сапаты да чалакайымдык болуп калат, анткени мындай касиеттин ички мазмуну тайыздап кетет. Бир кездеги чегине жете курчуган акыйкат сезими мокоп, карапайым калк көтөрүлүшкө чыкканда эңсеген теңдик эми эмгекчил менен жалкоону бир табактан “сыйлаган” теңдемечилик болуп калды. Тил мейкиндиги чектелип, кысылып отуруп, жападан жалгыз тандалган “жалпы” тил да бийликтегилер үчүн ыңгайлуу иш кагаздарынын супсак стилинин алкагына чейин жардыланып кетиши мүмкүн эле. Ажайып дүйнөнүн миң түркүн түспөлүн камтыган татаал элесинин ордун башаламан чаташуулар, турмуштун акылман жөнөкөйлүгүнүн ордун ач көз керектөөчүнүн жанбактылыгына ылайык келүүчү кемпайлык ээлей берет…

Мына ушунун баары адамзаттын бийик мүдөөсү болгон коммунизмдин атын жамынган автократиялык тутумдун кыйроосуна, эртеби-кечпи, алып келбей коймок эмес экен. Адамдын инсандык бактысын курмандыкка чалып, акыл-эс менен күч-кубатты тоталитардык мамлекет үчүн каражат катары пайдаланган бул түзүмдүн бузула баштаганы көпчүлүккө Сталин өлгөндөн кийин гана сезилди. Андыктан ошол күнкү ызы-чуу, көз жаш элдик кайгыны эмес, сүрмө топтун (калктын эң ыкшоо, ээрчиме бөлүгүнүн) дүрбөлөңгө түшкөнүн билдирет. Айтматовдун романынын ошол күнгө туш келген окуяны сүрөттөгөн жерин окуп көрөлү:

“...Өткөн-кеткендер Зарипа менен Эдигейди карап коюшат да, кыязы, мына чатакташкандардын азабы дегенсип кетишет. Эри ургаачысын катуу ызалап койгон тура дегенсип кылыя карап өтүшөт… Бирок баары эле антип ойлобоптур.

- Ыйлагыла, кайрымдуу кишилер… ыйлагыла, - деп бирөөнүн көңүл жубаткан үнү чыкты. - Жан атадан айрылдык! Эми кандай күн болот?

Эдигей башын көтөрүп, алдынан өтүп бараткан балдакчан, эски солдат шинелчен аялды көрдү. Бир буту санынан жок. Эдигей муну тааныйт. Согушка катышып келген, станциянын белет саткан кассасында иштейт...”

Абуталиптин өлгөнүн кабарлаган жооп катты алууга келип, кайгыга батып отурган Зарипа менен Эдигей Сталиндин аза күнүнө туш келип калганын караңызчы!

“Дүйнөдө эмне болуп жатканына карабай жүрө берчү адатына салып, поезддер жүрүп жатты. Жарым сааттан кийин алыска барчу он жетинчи номерлүү поезд өтмөк. Башка позеддердей ал Борондуга окшогон разъезддерге токтобойт. Анын жол эсеби ошондой. Бирок бул жолу он жетинчи Борондуга токтойт деп эч кимдин оюна келген эмес. Аны токтотушту биякта отуруп, Эдигей өзүнчө бек чечип койду.”5 (астын сызган мен – Ж. Т.)

Каарманына он жетинчинин стоп-кранын жулдуруу менен Чыңгыз Айтматов адам кадырын залим бийликтен жогору койот. Анткени “жеке инсандын керт башына сыйынуу” деп туура эмес аталып калган апаат көрүнүш чындыгында барып турган бетпактыкка сыйынуу болгон. Ошондуктан атүгүл “элдердин атасын жоктогон” аза расмисин да репрессиянын курмандыгы болгон мугалимдин жесири үчүн бүтүндөй эшелонду токтотууга пайдаланууну эп көрөт Эдигей.

Залкар жазуучу ошентип жалган гринвичке кайчы келген сызыкты чийип көрсөтөт – бул Саманчынын жолуна туура келүүчү илгерки меридиан. Тап күрөшүн шылтоологон чектөөлөрдү жокко чыгарып, Чыгыш менен Батыштын кош уюлдуу каршылаштыгын тануу менен, Айтматовдун көркөм ойлонуу даремети космостук мейкиндикке суурулуп чыккан.

1. Айтматов Ч. В соавторстве с землею и водою. Фрунзе, 1978. С. 150.
2. Айтматов Ч. Повести и рассказы. Фрунзе, 1978. С. 478.
3. Айтматов Ч. Биринчи мугалим. Фрунзе, 1978, 41-б.
4. Ошондо, 79-80-бб.
5. Айтматов Ч. Кылым карытар бир күн. “Ала-Тоо” журналы, 1983-ж., №9, 28-б.