Орусия Асадга башкалка бергени, ал Москвада экени кабарланды

Сирия. Башар Асаддын тебеленген портрети

Сириянын бийликтен оодарылган президенти Башар Асад Орусиядан башпаанек алганы, азыр Москвада экени кабарланды. Бул тууралуу 8-декабрдын кечинде орусиялык ТАСС агенттиги жана башка мамлекеттик маалымат каражаттары Кремлдеги булакка таянып кабарлады.

"Асад бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келди. Орусия гуманитардык негизден улам аларга башкалка берди", - деп билдирген ал.

"Свобода" радиосу жазгандай, ТАСС агенттигинин маалыматында Асад ыйгарым укуктарын тапшырганы тууралуу азырынча расмий билдирбесе дагы "мурдагы президент" деп белгиленген.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Асад Дамаскиден чыгып кеткенин, Москва анын кайда экенинен кабары жоктугун билдирген.

Асад сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетүүнү чечип, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү үчүн көрсөтмөлөрдү берип кызматынан кеткенин билдирген.

"Орусия бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок", - деп маалымдаган.

Мунун алдында өкмөттүк армияга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Алар мамлекеттик телеканалдан жана радиодон элге кайрылып, козголоңчуларды жана жарандарды мамлекеттин менчигин сактоого чакырышкан.

Башар Асад кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келди.

"Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде Алеппо баштаган бир нече шаарды жана ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти.

Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына жакындады. Сирия авиабазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Асад өз бийлигин сактап калган.

“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.