8-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сириянын президенти Башар Асад Дамаскиден чыгып кеткенин билдирди. Билдирүүдө Орусия тарап Асаддын азыр кайда экенинен кабарсыз экени жана анын бийликтен кетиши тууралуу сүйлөшүүлөргө тиешеси жоктугу айтылат.
Маалыматка караганда, Асад сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетүүнү чечип, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча көрсөтмөлөрдү берип кызматынан кетти.
"Орусия бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок", - деп билдирди министрлик.
Мунун алдында өкмөттүк армияга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын лидерлери президент Башар Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Алар мамлекеттик телеканалдан жана радиодон элге кайрылып, козголоңчуларды жана жарандарды мамлекеттин менчигин сактоого чакырышкан.
Башар Асад кайда экени азырынча белгисиз, айрым маалымат каражаттары ал өлкөдөн чыгып кеткенин жазышты.
Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келишет.
"Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ири Алеппо шаарын жана ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти. Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына 35 чакырымга жакындады. Сирия авибазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Дамаск төрт жылдык жарандык согушта жеңишке жеткен.
АКШ, Британия, Канада, Евробиримдик жана Орусия “Хайят Тахрир аш-Шамды” террордук топтордун катарына кошкон.
“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.
Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам он миңдеген карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. (AiA)
Дагы караңыз ӨКМ: Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда дагы жер көчкү жүрүшү мүмкүн