Президенттин Ош облусундагы атайын өкүлүгү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда жүргөн жер көчкүгө байланыштуу жеринде тиешелүү министрлик-мекемелер менен жыйын өткөрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)билдиришинче, адистердин сунушу менен кырсык дагы кайталанышы мүмкүн болгондуктан 7-декабрда түшкөн көчкүнү тазалоо иштери токтотулду.
"Жолго дагы болжол менен 360 000 м3 жер кыртышы түшүшү мүмкүн болуп турат. Мындан улам аталган жолду убактылуу жабуу, нөөмөттөрдү уюштуруу жана №26 Жол тейлөө ишканасына тезинен жолду калыбына келтирүү боюнча долбоор иштеп чыгууга байланыштуу тапшырмалар коюлду. Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы пост уюштурду", - деп жазылган маалыматта.
Кара-Кулжа районунда Сары-Булак айыл аймагына кетчү жолдо 7-декабрда кечке саат 5тер чамасында жер көчкү жүргөн. Кырсыкта жабыркагандар болгон эмес. Учурда машиналар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен каттап жатат.
ӨКМ 2022-жылы бул тилкеде жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору деген корутунду чыгарган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жер көчкү коркунучу жогору 4,5 миңден ашык аймак бар. Учурда төрт миңге чукул үй-бүлө мындай жерден көчпөй жашап келет. Алардын теңинен көбү Ош облусуна туура келет, калгандары Жалал-Абад жана Баткен облусунда турат. Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон жер көчкү кырсыктары катталган.
Дагы караңыз
Ташиев "башкаларга сабак болушу үчүн" оорукананын башчысы жыйында кармалганын айтты Сирия: козголоңчулар мамлекеттик телеканалдан Асаддын режими кулаганын жарыялашты TI: Грузиядагы нааразылык акцияларда 400дөй адам кармалды Бишкек-Ош жолу: "Сосновка" менен "Аралда" каттамга чектөө киргизилди Reuters: Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кетти"Сахароводо" 90дон ашык кыргызстандык жаран кармалып турат