Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу Жайыл районундагы “Сосновка” бекетинде жүк ташыган машиналардын баарына таңкы саат 07.20дан тартып чектөө киргизилгенин билдирди.
Ушундай эле себеп менен Токтогул районундагы “Арал” постунда таңкы саат 3төн тартып машинанын бардык түрү өткөрүлбөй жатканын кабарлады.
"Жолдогу абал жакшырганда чектөөлөр алынат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди министрлик.
Кар жаап, жолдор тайгак болгонуна байланыштуу өлкөдөгү кан жолдордо каттамга маал-маалы менен чектөө киргизилип жатат.
Тиешелүү мекеме-органдар зарыл иши болбогондорго жолго чыкпай турууну, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертип келет.
Дагы караңыз
Сирия: өкмөт башчы бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди "Сахароводо" 90дон ашык кыргызстандык жаран кармалып туратReuters: Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кеттиКара-Кулжа–Сары-Булак жолунда жер көчкү жүрдү