5-декабрда борбор калаа Бухарестте 3000дей адам Румыниянын Европага багытын сактап калуу талабы менен чыгышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" румын кызматы жазды. Маалыматка караганда, акцияга чыккандар Бухаресттеги университеттик аянтта чогулуп, "Эркиндик" жана "Европа" деген ураандарды кыйкырып турушкан.
"Romania Hope" тобу уюштурган митингде таанымал адамдар жана румын активисттери катышып, сөз сүйлөшкөн. Алар өз сөзүндө румын эли эркиндикке жана демократияга карай жолун аныктоо мезгилинде турарын белгилешкен.
8-декабрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына орусиячыл талапкер, мурда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску чыккан. Ал 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда добуштардын 22,94% алган.
Бул жыйынтыкка каршы нааразылык акциялар Румыниянын бир нече шаарларында өткөн. Алар Жоржескунун радикал көз караштарына жана өлкөнүн келечегине тынчсыздануусун билдиришкен.
4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн. Кыска убакыт ичинде анын популярдуулугу 1 пайыздан 22 пайызга көтөрүлгөн. Маалыматтарга караганда, Жоржескуну колдоо боюнча кеңири кампания добуш берүүгө эки жума калганда башталган.
Орусия буга чейин Румыниядагы шайлоого кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке кагып келген.
8-декабрда өтө турган экинчи турда Жоржеску "Румынияны сактоо союзу" либерал партиясынын талапкери, 2020-жылдан бери Кымпулунг шаарын башкарып келаткан, биринчи турда добуштардын 19,18% алган Елена Ласкони менен ат салышат. (AiA)