Өзбекстанда жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн арасында жапырт камоолор уланууда. Соңку күндөрү Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Дониер Ташхожаев жана Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов кармалды. Коопсуздук кызматынын ондогон мүчөлөрү иштен алынды.
Маалыматка караганда, полковник Ташхожаев ишкер Жавлон Юнусовдун кылмыштарын жашырууга айыпталып жатат. Юнусов опузалоо жана коркутуп-үркүтүү аркылуу белгилүү ташкенттик ишкерлердин мүлктөрүн тартып алып турганы кабарланууда. Ал эми Ташхожаев анын бул кылмыштарын жашырып турган.
Өз кезегинде Юнусов президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салууга катышы бар деп айыпталып жатканы маалым болгон.
Ташхожаев 3-декабрда камалганын "Озодлик" радиосунун булактары ырастаган.
"Ташхожаев Отабек Умаровдун (президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы) көңүлүн тапканы үчүн ар кандай жогору кызматтарга дайындалып келген. Ал бир гана Ички иштер министрлигин тескебестен, Ташкенттеги "таасирдүү кеңсенин" мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жаап-жашырып турган. Кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн кеңири операцияны жетектеген. Умаровдун көрсөтмөсү менен белгилүү кримавторитет Салим Абдувалиевди (Салимбай байбача) түрмөгө отургузган. Муну менен алар "көчө көзөмөлүн" "Алтын Равшанга" өткөрүп берүүнү көздөшкөн",- деди "Озодликтин" булагы.
"Алтын Равшан" деген лакап ат менен белгилүү Равшан Мухиддинов өзбек кримавторитети Гафур Рахимовдун жээни. Равшан соңку кездери ири спорттук иш-чараларда Отабек Умаровду коштоп жүрчү.
Башкы прокуратура Ташхожаев менен Расуловдун камалышы тууралуу азырынча үн ката элек. Ташкентте жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн арасында камоолор жана иштен алуулар Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракетинен кийин башталды. Кол салуу 26-октябрда Ташкентте болгон.
"Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында кабыл алынган.
Дагы караңыз
Биткоиндин наркы тарыхта биринчи жолу 100 миң доллардан ашты ЖАК абактагы Мелис Аспеков ачкачылык кармоо тууралуу кабар бергенин ырастады Судья Кой-Таш окуясы боюнча сотту жабык өткөрүү өтүнүчүн четке какты