"Коррупционерлер айып пул менен кутулбайт". Депутаттар УКМК сунушун колдоду

Мамлекеттик кызматкерлердин бири кармоо учурунда тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.

Ага ылайык, коррупцияга байланыштуу беренелер менен соттолгон адамдар өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Анын жакын туугандарына да ар кандай чектөөлөр каралган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзам кабыл алынса, анда коррупцияга байланыштуу кылмыш жасагандар сөзсүз жаза ала турганын айтып жатат.

"Эми реалдуу мөөнөт алышат"

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам ушул жылдын соңуна чейин кабыл алынып, 2025-жылдан тарта иштей баштарын айтып жатат. Анын сөзүнө караганда, жыл жаңыргандан тарта коррупциялык кылмыштарды жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылган адам мурдагыдай айып пул төлөп жазадан кутула албайт.

Камчыбек Ташиев.

“Статистикада коррупция боюнча кылмыш иштеринде дээрлик 80% айып менен кутулуп кетишти. Болгону 30% соттолду. Демек, коррупция кадимки көрүнүш болуп калган. “Коррупция кылам, эртең бир нече миң айып пул төлөп коем” деп ойлошкон. Эми андай болбойт, реалдуу мөөнөт алышат”, - деди Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев.

Мыйзам долбооруна ылайык, коррупциялык кылмыш жасаган адам күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөгөн күндө дагы абакка кесилип, жок дегенде мыйзамда көрсөтүлгөн жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөшү керек болот.

Коррупциялык кылмыш кылгандардын жазасын күчөткөн мыйзам долбоорунун негиздемесинде ушундай жазылган.

Мындан тышкары коррупция иши боюнча соттолгон жаран өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт. Буга кошумча анын жакын туугандары аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт. Мыйзам боюнча, жарандын жакын туугандары катары ата-энеси, жубайы, балдары жана бир туугандары эсептелет.

Депутат Жанарбек Акаев бир туугандардын өзүнчө жашоосу бар экенин айтып, Ташиевге мындай суроо узатты:

"Эгерде бирөө коррупция менен кармалса, аялы, балдары макул эми. Бирок бир тууганы да жооп береби? Ал өзүнчө болуп кетти да. Мамлекеттик кызматтарга аралашпай кала турган болдубу? Ушул жагын кандай карап жатабыз?".

Коррупция боюнча соттолгон адамдын жакын туугандары боюнча мындай чектөө коомдо ар кандай талкууланып жатат. Өзгөчө бир туугандары боюнча талаш пикир бар эле. Жанарбек Акаевге Камчыбек Ташиев мындай деп жооп берди:

"Ушул суроо бир нече депутаттан берилди. Мен ушуну дагы бир сыйра карап чыгайынчы. Бирок бала-чакасына сөзсүз түрдө колдонушубуз керек. Себеби дегенде коррупционер баласын, кызын ойлоп деле мындай аракет кылбай калабы деген үмүт да. Ал эми бир туугандары үйлөнүп, жайланып, бала-чакалуу болуп иштеп жүрсө, анан беркиниси колго түшүп калса, анан аны алып барып мыйзам чегинде жумуштан кет деп турушса... Бир аз одоно болуп калабы деп ойлоп калдым да. Мүмкүн өзгөртүү менен келебиз".

Ташиев Жогорку Кеңештен коррупциялык кылмыштардын катарына кайсыл беренелер кире турганын да окуп берди. Кылмыш-жаза кодексинине ылайык, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштардын катарына төмөндөгү беренелер кирет:

  • 336-берене (Коррупция), 337-берене (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 338-берене (Бийликтен аша чабуу), 3381-берене (Мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук кылуу), 39-берене (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү), 340-берене (Мыйзамсыз баюу), 341-берене (Кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу), 342-берене (Пара алуу), 343-берене (Опузалап пара алуу), 344-берене (Пара алууда ортомчулук кылуу), 345-берене (Пара берүү), 346-берене (Кызматтык жасалмачылык), 347-берене (Паспортту мыйзамсыз берүү), 348-берене (Шалаакылык).

Дал ушул беренелер менен соттолгон жаран өмүр бою мамлекеттик кызматка бара албайт жана соттон айып пул төлөп кутула албайт. Алардын туугандарына дагы жаңы сунушталып жаткан мыйзамдагы чектөөлөр колдонулат.

Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда кабыл алынган бул мыйзамга дагы өзгөртүүлөр, толуктоолор кире турганы айтылууда. Депутат Марлен Маматалиев мындай деди:

Марлен Маматалиев.

"Мамлекеттик кызматтарда тазалануу болот. Акимдер, алардын орун басары, айыл өкмөттөргө чейин тиешелүү. Азыр айтайын деп жетишпей калдым. Бирок Ташиев кетип жатканда сунуш берип калдым. Сүйлөшсөм макул деди. Акционердик коомдор бар, "Манас" аэропорту, "Мегаком" сыяктуу мамлекеттик мекемелер, директорлор кеңеши бар. Мындан ары мамлекеттен бир тыйын эле алган мекемелерде коррупционерлер иштей албайт деген жол да".

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар ар кандай сунуш айтышты. Камчыбек Ташиев экинчи окууга чейин мыйзам долбоору дагы толукталарын билдирди.

Куугунтуктун куралы болуп калбайбы?

Негизи коррупциялык кылмыштар менен соттолуп, кийин кайра кызматка барген, же болбосо Жогорку Кеңештин мандатын алган учурлар болуп эле келген. Ушундан улам мамлекеттик мекемелерди коррупционерлерден, анын жакындарынан тазалоо талабы башынан эле жаңырып келген.

Ошон үчүн Камчыбек Ташиев парламентте жактаган мыйзам долбоору көпчүлүктүн колдоосуна алынууда. Документти депутат Дастан Бекешев да колдой турганын маалымдады. Бирок бул айрым саясатчыларды куугунтуктоо үчүн курал болуп калбайбы деп суроо салды.

Дастан Бекешев.

“Саясаттагы адам бир жерден каршы сүйлөп койду. Ал киши ушул эле берене менен коррупцияга шектелип калышы мүмкүн. Аны өзүңүз дагы билесиз. Анан ал өмүр бою кызматка баралбай калса кандай болот”.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай чочулоого негиз жок экенин айтып, коррупция менен кармалгандар жазаланарын билдирди.

“Болжол менен он бир берене бар. Аларды далилдөө үчүн биздин кызматкерлер күнү-түнү иштешет. Далилдөө үчүн оор беренелер. Эгерде далилденсе тийиштүү жазасын алышы керек. Бул беренелер боюнча кандайдыр бир саясатчыларды куугунтуктаганга болбойт”.

Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.

Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон.