Биткоиндин наркы тарыхта биринчи жолу 100 миң доллардан ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Binance биржасынын маалыматына караганда, биткоиндин баасы 5-декабрдын таңында алгач ирет бул көрсөткүчтөн ашты. Маалыматты 20дай биржага көз салган CoinMarketCap сайты дагы жазды.

Биткоиндин баасы Дональд Трамп АКШнын президенти болуп шайлангандан кийин жогорулай баштаган. 5-ноябрдан бери биткоиндин баасы 40% жогорулады. Ал эми жыл башынан бери эки эсе өстү.

Трамп Кошмо Штаттарды "дүйнөлүк криптоборборго" айлантууну убада кылган. Азыр адистердин эсебинде, криптовалютанын базары үч триллион долларды түзөт.

Үч жыл мурда Трамп биткоинди "алдамчылык" деп атаган.

Ал криптовалютаны айныксыз жактаган Пол Аткинсти Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиянын башчылыгына көрсөткөнү белгилүү болду.

Биткоин- дүйнөдө эң кеңири жайылган криптовалюта.

Криптовалюта – интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча. Ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы же тиешелүү компьютердик программалар аркылуу эсептелип, иштелип чыккан сандардын топтому.

Дагы караңыз

Судья Кой-Таш окуясы боюнча сотту жабык өткөрүү өтүнүчүн четке кактыБишкек мэри Темировдун "Аккула" боюнча иликтөөсүн четке кактыСпирт ичимдиктеринин акциздик маркасын жаңылоого убакыт берилбейт