Бишкек мэриясы "Аккула" ат майданынын жери боюнча билдирүү таратты. Анда мэр Айбек Жунушалиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берген. Анын видео кайрылуусу мэриянын Ютуб каналына жарыяланды.
Мэр "Аккула" ат майданынын жери боюнча иштерге өлкө жетекчилери кийлигишпегенин айтып, Темировдун айткандарын четке какты.
“Эч кандай коррупциялык максат менен бул ишке барган эмеспиз. Жетекчилик аралашкан эмес. Жергиликтүү бийлик баштап, аягына чыгарганга аракет кылдык. Болот Темировго, калпты окшоштуруп сүйлөй берген кишилерге айтат элем. Силер ушундай иш-аракетиңер менен Кыргызстандын, Бишкектин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып жатасыңар. Бизге ким ишенип, кайсы инвестор келет? Патриотмун деп жатсаңар элге туура маалымат жеткиргиле”, - деди мэр.
Мэрия "Аккула" ат майданынын жери боюнча жазуу түрүндө дагы билдирүү таратып, кыскача хронологиясы менен бөлүштү. Ага ылайык, "Аккула" ат майданы имаратынын “тарыхый жана маданий эстелик” статусу 2020-жылы 2-сентябрда эле алынган жана бузуу чечими чыгарылган. Жаңы ат майданды Сокулук районунундагы 200 гектар жерге куруу сунушталган.
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылы 4-марттагы токтому менен ат майдандын жери муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программасына киргизилген. "Аккула" ат майданы 105 млн долларга бааланып, аукционго коюлган. Катышуучулар жок болгондуктан, эки жолу аукцион болгон эмес.
8-июлда ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынан ат майдандын 53,5 гектар жерин түз сатып алуу сунушу түшкөн. 19-августта түз сатууга макулдук берилип, эки чет элдик ишкана 3% үлүшү кыргызстандык жаранга таандык “РЦА Ливинг" компаниясын түзүшкөн.
8-октярда ал жерге бардык шарты бар турак жай комплексин салуу боюнча инвестициялык макулдашуунун долбоору жактырылып, 15-октябрда инвестор жалпы сумманын 10% (67 000 000 доллар) өлчөмүндө алдын ала төлөм жүргүзгөн. Бул сумма шаардагы бир катар имараттарды курууга жумшалганы айтылат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы сессиясында Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берип, журналисти “бүлүк салуучу” деп атаган.
4-декабрда Temirov LIVE каналында "Аккула" ат майданы жана Бишкектеги “Ай-Пери” бизнес борбору жөнүндө иликтөө жарыяланган. Анда вьетнамдык инвесторлор жөнүндө айтылат. Журналист бул жер тилкелери боюнча бийликтин чечимдерин сындаган.
Ноябрдын аягында Бишкек мэриясы “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири турак жай жана бизнес комплекстерди куруу үчүн “РЦА Ливинг” аттуу фирмага берилерин жарыялаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 26-ноябрда чыгарган токтомуна ылайык, ат майдандын 53,5 гектар жер тилкеси “РЦА Ливинг” ишканасына 49 жылга пайдаланууга берилип жатат. Инвестор кырк тогуз жылдык ижара акысы үчүн шаар бюджетине 67 млн доллар төлөйт.
Дагы караңыз
"Аккуланын" жери 49 жылга берилди. Бишкекке инвестиция салгысы келген вьетнамдыктар“Аккула” ат майданынын жерине улай, Бишкектин так ортосундагы “Ай-Пери” бизнес борборунун расмий түрдө 568 млн сомго бааланган 98,41% мамлекеттик үлүшү дагы чет элдиктер түзгөн “РЦА Бишкек” аттуу фирмага сатылганы жатканы кабарланууда. (TSh)