Грузияда полиция евроинтеграцияны жактагандардын алтынчы түн катары менен уланган акциясын күч менен таркатты. 3-декабрдын кечинде баш калаа Тбилисидеги парламент алдына миңдеген демонстранттар топтолду. Алар парламентти көздөй фейерверктерди жаадырышты.
Анын алдында эле Грузия бийлиги пиротехника саткан дүкөндөрдүн ишин толкундоолор аяктагыча чектеген.
Полиция акциянын катышуучуларына суу жана көздөн жаш чыгаруучу газ чачты. Айрым социалдык тармактарга чыккан видеолордон атылган октордун үнүн угууга болот. Күбөлөр полиция желим окторду колдонгонун айтышууда.
Бул жолу да полиция демонстранттардын айрымдарын кармап кетти. Толкундоолордун алгачкы беш күнүндө кармалгандардын саны 293кө жеткен. Алардын ичинен алты кишиге "полицияга кол салган" жана "Молотов коктейли" менен жардыруу даярдаган" деген айыптар тагылууда.
Руставели аянтынан сүрүлүп чыккандан кийин акциянын катышуучулары 4-декабрда таңкы саат 5те Тбилиси мэриясынын алдында митинг өткөрүштү.
Алар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылыгын билдирип, бийлик элдин "кыялын, келечегин уурдап алганын" айтышууда.
Демонстрацияларды күч менен басканы үчүн Балтика мамлекеттери Грузиянын Ички иштер министрлигинин жана бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидерлерин санкциялык тизмеге киргизишти. Ушундай эле кадамга Канада дагы барды.
Дагы караңыз
Козголоңчулар Сириянын Хама шаарына жакындадыСербияда чет элдик агент тууралуу мыйзам долбоору сунушталдыИИМ дагы бир адвокат паракорчулукка шектелип кармалганын маалымдады