3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялады.
Бул кадам оппозициядагы ири Демократиялык партиянын өкмөттөгү негизги министрлерге импичмент жарыялоо аракетинен кийин кабыл кабыл алынды. Бул тууралуу "KBS Дүйнөлүк радиосу" жазды.
Телекайрылуусунда Юн оппозиция өкмөттүн жана сот системасынын ишине тоскоолдук жаратканын айтты. Президенттин сөзүнө караганда, аскердик абал өлкөдө конституциялык тартипти сактоого жардам берет. Ал демократиялык партиянын мүчөлөрүн "мыйзамдуу диктатура үчүн" айыптады.
Бир нече сааттан кийин Түштүк Кореянын парламенти президенттин жарлыгын жокко чыгаруу үчүн добуш берди. Бул үчүн 190 депутаттын бири калбай добуш берди.
Полиция парламенттин имаратын курчап турат. Имаратка депутаттарды, парламент кызматкерлерин жана журналисттерди гана киргизип жатышканын Yonhap агенттиги жазды. Президент аскердик абал жарыялагандан кийин ондогон адам парламент алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар менен полиция кызматкерлери кагылыша кетти.
Өлкөнүн аскердик командачылыгы кандай гана болбосун саясий ишмердүүлүккө, анын ичинде митинг-пикеттерге тыюу салып, маалымат каражаттарын толук көзөмөлгө алды. Аскердик абалды бузгандарды тинтип, камап же соттун өкүмүсүз эле камакка алса болот.
Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Каржы министрлиги чукул жыйындарга чогулду. Сеулдун көчөлөрүнө аскердик техника чыгарылды.
"Рёнхап" маалымат агенттиги кабарлагандай, оппозиция башкы мамлекеттик аудитордун жана башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылып жаткан.
Ушул тапта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сеул шаарында расмий сапар менен жүрөт.
Дагы караңыз
Казакстан: 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салуу сунушталды Бишкекте “Бир дүйнө - Кыргызстан” эл аралык кинофестивалы башталды Өзбек ТИМи БАЭде артка кайтарылган жарандардын маселесин талкуулады