Бишкекте “Бир дүйнө - Кыргызстан” эл аралык кинофестивалы башталды

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын ачылышы.

Бишкекте 3-декабрда адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө - Кыргызстан 2024” 18-эл аралык фестивалынын ачылышы болду. Иш-чара быйыл "Жаштар искусство жана адам укуктары үчүн: Туруктуулук, ар намыс жана коопсуздук" деген темага арналган.

Фестивалда Кыргызстандан сырткары Гвинея-Бисау, Португалия, Бразилия, Эстония, Британия, Судан, Түштүк Судан, Марокко, Молдова, Өзбекстан, Непал, Казакстан, Франция, Дания жана Ооганстан сыяктуу 15 өлкөнүн даректүү тасмалары көрсөтүлөт. Бул фильмдер коомдогу адилетсиздикти, дискриминацияны жана зомбулукту терең изилдеп, аялуу топторду, анын ичинде аялдарды, балдарды, качкындарды жана майыптыгы бар адамдарды коргоонун маанисин чагылдырат.

Фильмдер Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү 7/6 дарегинде (AUCA Makerspace) акысыз көрсөтүлөт. Кинофестиваль 7-декабрга чейин уланат.

Анын алкагында эмгек укуктарын коргоо жана искусстводо адам укуктарын илгерилетүү маселелери боюнча тематикалык иш-чаралар өтөт.

Былтыр өткөн "Бир дүйнө Кыргызстан" фестивалында эки тасманы көрсөтүүгө “Кыргызтасма” мамлекеттик киноборбору тыюу салган. Эки тасма тең Украинадагы согушту чагылдырган тасмалар болгон. Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай чечимди кабыл алган эки кызматкерге чара көргөнү маалым болгон. (MZh)

Дагы караңыз

Гүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылдыОрусиянын соккусунан Тернополдун жарымы жарыксыз калды Украина НАТОго толук кандуу мүчө болуу ниетин кайталадыГрузияда евроинтеграцияны жактаган акциялар бешинчи түнү уланды