УКМК Араванда милициянын подполковнигин пара алууга шек санап кармады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Араван райондук милиция башчысынын орун басары 120 миң сом алып жаткан жеринен пара менен кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 3-декабрда тараткан маалыматка ылайык, ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички чалгындоо кызматы менен УКМКнын биргелешкен операциясынын жүрүшүндө кармалган.

"28-ноябрда УКМКга Араван райондук милициясынын кызматкерине чара көрүү тууралуу арыз түшкөн. Арыз ээси милиция кызматкери кылмышка шектелип Араван милициясынын убактылуу кармоочу жайында жаткан уулун эркинен ажыратпоого көмөктөшүү үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом акча талап кылган", - деп жазылган маалыматта.

ИИМ жана шектүү тарап комментарий бере элек.

УКМК 3-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

Мекеме 17-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. 19-сентябрда "Учкун" басмаканасынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталганын маалымдаган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде милиция мыйзам бузган кызматкерлерден тазаланып жатканын айткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы Азаматтын чоң энеси: “Неберемди күтүп көзүм соолуду”Грузияда евроинтеграцияны жактаган акциялар бешинчи түнү уланды Орусиянын соккусунан Тернополдун жарымы жарыксыз калды Сузакта бакчада балдардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголдуБала бакчадагы окуяны тасмага тарткан кызматкер иштен кетүүгө мажбурлап жатышканын билдирүүдө