Орус армиясы 3-декабрга караган түнү Тернополь шаарына “Шахед” дрондору менен сокку урду. Аппараттардын бири электр түйүнгө тийип, калаанын жарымынан көбү жарыксыз калганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Шаар мэри Сергей Надалдын айтымында, учурда тиешелүү кызматтар жарыкты калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Ошол эле учурда ал тургундарды таза суу камдап алууга чакырды.
Орус армиясы 2-декабрдын түнү да Тернополго сокку урган. Дрондордун бири беш кабат үйгө тийген. Бир кишинин өмүрү кыйылып, үч адам жараат алды.
Жалпысынан 3-декабрга оогон түнү орус күчтөрү Украинага 28 "Шахед" жана башка дрондор менен сокку урганы маалым болду. Бул тууралуу Украин армиясынын Абадан коргонуу күчтөрү билдирди. Чернигов, Хмельницк, Житомир, Одесса, Николаевск, Днепропетровск облустарында дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.
Ал арада Кошмо Штаттар Украинага 725 миллион долларлык кошумча жардам бөлдү. Бул тууралуу Ак үй 2-декабрда билдирди. АКШ президенти Жо Байден Конгресс Украинага бөлгөн каражатты президенттик мөөнөтү 20-январда аяктаганча толук берүүнү убада кылган.
2-декабрда Киевге күтүүсүз барган Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага ушул айда эле 650 миллион евролук жаңы курал-жабдык жеткирүүгө сөз берген.
"Германия 28 миллиард евролук жардам берүү менен АКШдан кийинки эле Украинанын экинчи ири аскердик демөөрчүсү. Абадан коргонууга жардам берүү биз үчүн негизги орунда", -деди Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул кошумча жардамдар фронттогу кырдаалды өзгөртпөстүгүн билдирди.
Дагы караңыз
Сузакта бакчада балдардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголдуБала бакчадагы окуяны тасмага тарткан кызматкер иштен кетүүгө мажбурлап жатышканын билдирүүдөГрузияда евроинтеграцияны жактаган акциялар бешинчи түнү уланды